Печать
Категория: Коом
Просмотров: 218

- Биринчиден, кайсы мамлекетте болбосун толук кандуу коррупцияны жеңүү деген болгон эмес. Болбойт дагы, тилекке каршы, ага өтө көп факторлор бар.

Эгерде коррупцияны ооздуктатып коюуга бийлик бүт күчүн жумшаса, анда аз да болсо ийгиликке жетише алат.

Ал эми азыркы биздин бийлик төбөлдөрү бир карасаң коррупция менен катуу күрөшкөндөй элес калтырат...
Бирок коррупция, контрабанда азыркы бийликтин тушунда мурункудан да күчөп бара жаткандай.

Ал эми Ширшов түзгөн коррупцияны азыркы бийлик жоё албайт. Анткени, бүт энергетика системасында Ширшовдун кадрлары кайрадан кызматка келишип, министрден баштап... каалагандай калчап турган мезгили.

Бийлик Ширшовдун командасындагы схемага тийиштүү кызматкерлерди кызматынан бошотуп, алардын ордуна татыктуу кадрларды алып келсе, энергетиктер өздөрү эле ГЭСтен баштап, Каскадка дейре куруп, энергетика тармагын жөнгө салмак турсун, электр энергиясын коңшу өлкөлөргө сатуу жолун аныктап коюшмак. 

Бир эле мисал, кышында Орто Азиядагы республикаларда бир мезгилде свет өчтү. Бишкек ТЭЦте да эмнегедир свет өчүп калды.  ГЭСтен авария болсо ТЭЦ өчпөш керек эле. Чоң суроо, ким күнөлүү аварияга?

Экинчиден, энергетика министринен баштап б.а. Ширшовдун командасы азыр бүт энергетика тармагын билип көргөндөй ээлеп алышкан, кечирип коёсуңар, авария болгондо алар баары жоопкерчиликтен качып, бирөөсү аварияны оңдоого далалат жасаган эмес, бул факт. Себеби, алардын көпчүлүгүнүн тажрыйбасы жок, тажрыйбалуу энергетиктердин баарын жумуштан кетиришкен.

Дагы пешенебизге экс- гендиректор НЭСК Бородин мырза (азыр Бородинди, жөнөкөй инженерлик орунга которуп коюшкан) жоопкерчиликти мойнуна алып, өз командасы менен аварияны кыска мөөнөттө оңдоду.

Бирок "лавры" министр Доскул Бекмурзаевдин мойнуна илинди, депутаттар Доскул мырзаны "герой" кылышты, ал уялып коймок турсун, жок дегенде Президенттин атынан Бородинге "ыраазычылык кат" алып бергенге жарабады.

Дагы бир жолу кайталап коёюн, Ширшовду жазалоо бул жакта турсун, коррупциялык схемасын керек болсо бул бийлик да  токтото албайт. Себеби, энергетика системасында азыркы учурда бир гана Ширшовдун командасындагы кадрлар иштеп жатат. Аларды азыркы бийлик өздөрү алып келишти, анан каяктагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сөз болушу мүмкүн. Бул да ачуу чындык.

P.S. Тилекке каршы биздин өлкөдө эң чоң коррупциялык схема, энергетика тармагында түзүлгөн.
Бул схеманы бир гана Президент Садыр Жапаров  жоё алат,  саясий эркине таянуу менен.
Бирок Президент министр Д.Бердибаевдин Ширшовтун командасынан экенин билсе дагы, кайсы жерде иштебесин, мыйзам бузуулар болгонуна карабастан колдоп жаткан соң, мен ачык жазып жатам, Ширшов да, командасы да жазаланбайт. Ошондой эле,  Ширшовдун (Ширшов өтө акылдуу жана куу жигит экен, коррупциялык схема түзгөн жана бүт президенттердин тилин тапкан) коррупциялык схемасы жоюлбайт.