Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

 - Сиз кандай ойлойсуз, бүгүнкү бийликтин, президенттин эрки коррупциянын символдорунун бири Ширшовду толук жоопкерчиликке тартууга жетеби же мурда болуп жүргөндөй эле жазадан кутулуп кетеби? Азыркы бийликте дагы Ширшовго жан тарткан табакташтары болушу мүмкүнбү?

- Албетте, Ширшовду кармоо бул өтө сенсациялуу кабылданышы мүмкүн. Анткени, опурталдуу коррупционный схеманын автору катары буга чейин айтылып келгени менен мурунку бийликтер даай албай келген, тагыраак айтканда, кармап отургузмак түгүл, коррупцияга шектүү катары да териштирүү жүргүзө алган эмес. Ошол жааттан алып караганда коррупция менен күрөшүү үчүн болгон иш аракет, айрыкча Ширшовдун кармалышы өз деңгээлинде курч мүнөздө жүрүп жаткандан кабар берет. Бирок толук изилденип күнөөсү коюлуп, жоопкерчиликке тартылабы же айыбын төлөп кутулуп кетеби, бул күмөн жаратат. “Көкөтайдын ашы, көп чырдын башы” дегендей, Ширшовдун кармалышы менен бир топ белгилүү дагы, белгисиз дагы күмөндүүлөр ачыкталат. Албетте, мыйзамдуу дыкат иликтенсе бир топ ошол маалда бийликте тургандардын катышы бары - жогу билинет. Анткени, мындай чырмалышкан татаал коррупциялык схеманын башында Ширшов турат деген менен түзүүчүлөрү, катышкандар көп, болгондо дагы бийликти мыкчып тургандар. Бир сөз менен айтканда түптөлгөн коррупциялык схеманын сыры ачылып, учугу чубала турган болуп калды. 

Ошол эле маалда бир топтордун түн уйкусу бузулуп турган кез. Болгону, кармаганга жеткен эрк эми аягына чыгарып, опурталдуу схеманы жарып күнөөлүүлөрдү аныктап, элдин энчисине эсирип казынанын эсебинен байыгандарды ачыктап, жазасын тарттырууда калды. Мына ошондо элдин бийликке болгон ишеничи бекемделет. Абдан орчундуу опурталдуу коррупциялык иш андан да өтө чырмалышкан. Ошондуктан бир топ профессионалдуулукту саясий жана кесиптик эрктүүлүктү талап кылат. Албетте, мыйзам чегинде. 
Бүгүн эртең менен кармалды эле, түштөн кийин уу-дуу, шуу-шуу кептер жүрүп жатат. Максим Бакиевдин долбоору ушундай жол менен Ширшовду жоопкерчиликтен толук бошотуу, андан дагы энергетика жаатында схемасын колдонуу дешчү. Мени таң калтырганы эмнеге Максимдин аты аталып атат, анын  канчалык таасири бар экенинде. Эгерде Ширшов айып салуу жолу менен бошоп, схема ачыкталбай калса, анда тарых кечирбейт, келечегибиз бүдөмүк, эртеңкибизге ишеним жоголот. Бирок Дача-Суунун кайра жанданып иликтениши бул схеманын сары изине түшүү абдан колдоого алынып, чоң үмүттү пайда кылып ишеничти жаратып жатат. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.