- Сиз кандай ойлойсуз, бүгүнкү бийликтин, президенттин эрки коррупциянын символдорунун бири Ширшовду толук жоопкерчиликке тартууга жетеби же мурда болуп жүргөндөй эле жазадан кутулуп кетеби? Азыркы бийликте дагы Ширшовго жан тарткан табакташтары болушу мүмкүнбү?
- Алексей Ширшов чынында коррупциянын символундай болуп калды. Кармалганы башка кеп, эми аны жоопкерчиликке тартышабы же актап бошотуп жиберишеби, коомчулук баам салып карап турат. Бийликтин багыты ушул жерден так аныкталат деп ойлойм. Эгер кармап, катуу чараларды көрүп, кылган иштерин мыйзам чегинде таразалай алышса, учурдагы бийликтин коррупция менен күрөшө алаары далилденет. А кокус бошотулса, анда үмүт өчөт.
Ширшовдун бийликте табакташтары сөзсүз бар. Ошондуктан, ээн эркин келип-кетип жүргөн. Болгондо да жогорку даражалуулардын арасында чоң колдоочусу болсо керек.