Печать
Категория: Коом
Просмотров: 326

- Сиз кандай ойлойсуз, бүгүнкү бийликтин, президенттин эрки коррупциянын символдорунун бири Ширшовду толук жоопкерчиликке тартууга жетеби же мурда болуп жүргөндөй эле жазадан кутулуп кетеби? Азыркы бийликте дагы Ширшовго жан тарткан табакташтары болушу мүмкүнбү?

- Ири коррупциялык иштерди ооздуктап, токтотуу, уюштургандарды жоопко тартуу учурдагы бийликтин колунан келээрине ишенем. Анткени, буга чейин жасаган иштери менен ишеним жарата баштады. Алексей Ширшовдун коррупциялык схемасын бүгүн эле уга калган жокпуз, бул илгертен эле аңыз болуп айтылып келген. Бирок бири да аны иликтөөгө алып, жоопко тартууга дааган эмес. Ага кандай жагдайлар себеп болгону түшүнүктүү эмеспи. Эми кармалгандан кийин мамлекетке келтирген зыянын тыйынына чейин эсептеп, ошонун баарын, ал турмак моралдык зыянын кошо өндүрүп алышса жакшы болмок. Коррупцияга аралашып, өлкөгө залалын тийгизгендерге аёо болбошу керек.

Кыргызда “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген кеп бар. Учурдагы бийликтин жасап жаткан иштеринен өөн таап, жакшы нерсени да жаман жакка буруп жаткандар бар. Ошолор эле кайра кызматтан кызматка секирип жүрүшөт. Ушундан улам, Ширшовдун табакташтары учурдагы бийликтин курамында болуп калышы мүмкүнбү деген суроого жооп табылгансыйт. Мурда ар кандай иштерге аралашканы, коррупцияга малынганы кызматтарда отурушат, бул жаатынан толук тазалана элекпиз. Буйруса, убакыттын өтүшү менен бул кемчилик да жоюлушуна үмүт бар. Азыр Ширшовду актоого аракеттенгендер анын акырынан жем жеп, акчасынын даамын татып калгандар болсо керек. Бул камалса, кесири бизге да тиет деген ой менен жактап жатышат. Бул эми “өз агасын агалай албаган өзгө агасын сагалайт” деген кыргыздын таамай макалына туура келүүдө. Өзүбүздү көтөрбөй, мамлекетибиздин келечегин ойлобой, коррупционерди колдогондорду кыргыздын душманы десек болот.

Биз биринчи орунга мамлекетттеги стабилдүүлүктү коюшубуз керек. Өлкө башындагылардын аракети менен мына, жакында социалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлдү. Бул деген жылыш да. Алдыга жылуу. Мамлекеттин туура бараткан багытын көрө албай, коррупционерди актап-жактагандар аман эле болушсун.