Жогорку Кеңеш маалымат кызматынын жетекчиси Шайырбек Маматокторов кызматынан өз ыктыяры менен кете тургандыгын АКИpress агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ал учурда бир айлык эмгек өргүүсүнө чыгып, бир аз убакыттан соң расмий арызын берет.
Ш.Маматокторов белгилегендей, ал башка кызматка которулуусу күтүлүүдө. Ага «7 каналда», же «5 каналда» иштөө сунуштары менен бирге башка да бир катар сунуштар түшкөн.
Ошондой эле жакында парламенттин чыгашаларына байланыштуу маселелер боюнча маалымат кызматынын да айрым мүчүлүштүктөрү бар экендигин кошумчалады. «Бул боюнча жоопкерчиликти мен өзүмө алайын деп чечтим. Ордума башка жөндөмдүү жана тың адам келет, деп ойлойм», - деди Маматокторов.
Баракелде