- Сиз кандай ойлойсуз, бүгүнкү бийликте, мамлекет башчынын эрки коррупциянын символдорунун бири Ширшовду толук жоопкерчиликке тартууга жетеби же мурда болуп жүргөндөй эле жазадан кутулуп кетеби?
- Алексей Ширшовго 2010-жылы эле, апрель революциясынан кийин кылмыш иши козголгон болчу. Ага чейин мамлекеттин бир катар тармактары, айрыкча энергетика жааты ширшовдук коррупциялык схема менен иштээри айтылып келген. Анын кесепетинен мамлекетке зыян келтирип, ири өлчөмдөгү каражаттар чет мамлекеттерге чыгарылган.
Ал коррупциялык схема бардыгы чын болсо, аны таап, жок кылыш керек. Мамлекетке келтирилчү зыяндардын алдын алып, каражаттын чет мамлекетке чыгып кетпешин көзөмөлдөө зарыл. Бирок Ширшовдун айыбы далилденген учурда да “кустуруу” деп айтып атпайбызбы азыр, ошонун негизинде бошонуп кетиши мүмкүн. Коррупцияга шектелип кармалган башка аткаминерлер сыяктуу мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп, эми бошоткула деши ыктымал.