Печать
Категория: Коом
Просмотров: 287

Баткен шаарынын борбордук стадионуна жакында төшөлгөн асфальтты жарып чөп чыккан. Тартылып алынган сүрөт соцтармактарга жарыялангандан соң, коомчулуктун талкуусунда калган эле. Бул боюнча КР УКМК асфальт төшөө иштеринин сапатын көзөмөлгө алганын кабарлады.

"Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.

Бул абал УКМКнын жеке көзөмөлүндө болот жана  асфальт төшөө иштери тийиштүү текшерүүгө алынды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат", - деп билдирди УКМК.