(Уландысы. Башы өткөн санда)
Бекен Назаралиев: - “7-апрелдеги төңкөрүштө Атамбаевдин, Отунбаеванын, Каптагаевдин, Сариевдин ж.б. балдары болгон жок” дедиң. Алар куралдуу төңкөрүш болорун билген үчүн балдарын чыгарбай койду деген таянак чыгарсак болобу?
Кайып Шер: –Ооба, ошондой тыянак чыгарсак болот. Ошондой тыянак чыгарганга негиз дагы жаралып жатпайбы. Атамбаевдин дагы келбей койгону буга далил. Ал ок чыга электе, саат бирлерде эле УКМКнын жертөлөсүнөн чыккан экен. Бирок, аянтка келбей, чыгары менен үйүнө кетип калып жатпайбы кашайып. Чыгарган балдар “Басыңыз, аянтка барыңыз” десе, “Кое тургулачы, курсагым ачты, лагман жеп алайын, аянтың турат да, эмне экен” деп коютур. Кийин генерал Өмүрбек Субаналиев айтып чыкты. Ал киши мага да келип: “Элден уксаң ушак болот, өз оозумдан угуп алчы, ошол күнү Атамбаевге барсак, жуунуп жатыптыр, душтан чыгып эле Мелис Тургандаевди менин көзүнчө сөгүп, “Ит менен издесеңер да таппайсыңарбы, каякта жүрөсүңөр энеңди” деп сөктү эле, “Биз тиги Максимден коркуп жүрбөдүкпү, эми келдик мына” деп жалпаңдап ийди дейт. Мага кайрылып: “Сен ИИМге барасыңбы же УКМКны жетектейсиңби” деди эле, сен кимсиң мага андай кызмат бергидей, аянтта эл кырылып жатса сенин сүйлөр сөзүң ушулбу деп ашата сөгүп туруп чыгып кеттим” деди. Ага чейин балдар айтканда анча ишенбедим эле, Суваналиевден уккандан кийин түңүлдүм. Буларда бет жок турбайбы. Алардын сөзүнө ишенген кайран гана балдар. Ошол күнү Тарых музейи тараптан, Агропром жактан өлүп жатышты. Неге деп калгам. Акүйдүн алдында биз турдук да, кесирлик кылбасын, эгер ал тараптан атылса, мага тиймек, алдыңарда турам го. Менин жанымда жүздөгөн балдар болду, бирок аларга атылбады. Ок курал көтөрүп жүргөндөр, таш көтөрүп жүргөн, машина айдап кирип бараткан саналуу кишиге гана тийди. Кийин мастар көбөйдү. Дарбазаны жаптырып койдум.
Б.Н: --Эми бул Акүй алынгандан кийинки кеп да...
К.Ш: --Жок алынганга чейинки, алына электе, Темир Сариев чыга электе дарбазаны жаптырдык. Ошондо Темир Сариев чыкты. Анан Токтойым Үмөталиева “Сүйлөшүүгө мен да кирем” деп төрт катын менен келди. Дарбазаны ачтырып, төрт катынды нары түртүп, өзү гана кирет деп талашып-тартышып кеттик. Токтайым эже: “Мен президент болом, Путин менен сүйлөштүм” деди. Айланайын президент болмоктон не болсоңуз да артыңыздагы катындарды калтырып, өзүңүз гана кириңиз деп шарт түзүп бердим. Ошол учурларда ок атылып жатты. Жанагы курал көтөргөндөр кийин “баатырбыз” деп көкүрөк кагып жүрүшпөдүбү. Кечке жуук БТРди алып келишип, даңылдатып атып атты. Анан ага каршы атпай коймок беле, ок жаады. Бирок, менин эсебим боюнча 15тей адам окко учкан. Кийин аны прокурор болгон К.Байболов деле тастыктаган. Анан 70-80 болуп көбөйгөнү таң калыштуу болду да.
Б.Н: --Акүй номер биринчи кайтарууда турган обьект булчу да. Мына Америкада мамлекеттик имаратка басып кирди эле ит аткандай атып салды го. Анан ушуга салыштырмалуу Атамбаевдин үйүнө барганда, ал өзүнүн үйүн кайтарып туруп алды го. А өзү Акүйдү талкалаган. Буга кандай карайсың?
К.Ш: --Буга чейин Сооронбай Жээнбеков тергөөчүлөр чакырды эле, жетип келип сурак берди. Андан эч нерсе болгон жок, бир жери кемип калбады. Бир күн келдиби, эки күн келдиби, айтор мыйзамды сыйлап, тергөөгө келди. Акүйдү талкалаткан Атамбаев болсо өз үйүн куралчан топ менен корготуп, элди провокацияга үгүттөп, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийбей, эң жаманы, “Кой-Ташский Республика” деп, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирди. Мунун өзү экстремисттик чакырык. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетирүү. Муну уккан дунган, өзбектер эмне дейт? Булар үйбүлөсү менен бузуку ойдо жүргөнүн жакында баласы дагы далилдеди. “Баарибир түндүк-түштүк болуп бөлүнөбүз” деп. Милицияларды сабап, бир жоокерди атып өлтүрүп, бир кыргыздын азаматын басалбаган майып кылды. Милиция жетекчиси Курманалиев жарым жан болуп калды го. Эми азыр баарынан танып жатат. Сиз экөөбүз Атамбаевдин тилин тырмаган жокпуз да, “Менде гана мылтык болгон, мен өзүм атып өлтүрдүм” дедиртип. Ошол окуяга катышкан Атамбаевдин балдары дагы деле кармала элек. 7-апрелде “Атамбевади коргойм” деп автомат көтөрүп жүргөн Ашым Эстебесов деген баланы неге суракка албайт? Автоматтар кайда? Менимче, Атамбаевдерде бир топ курал-жарактар бар. Бүгүн да мен абдан кооптоном, ошол куралдар дагы бир жаман окуяларды жаратабы деп. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров жакшы иштерди баштады, муну көңүлгө алышы кажет. Анан биздин айткандарга көңүл буруп, “ынтымакты орнотом” деген соң аракетти тездетип, Бакиевдин кайтып келишине шарт түзүшү кажет. Эл өзү ак-карасын иргеп алсын.
Б.Талгарбеков: --Ага чейин мен бир ойду кымтара кетейин, мына 7-апрелде чоң окуя болду да. Анан бир тарабы: “Бакиев канкор, Бакиев атып кетти” деп жатышат. Дагы бир тобу: “Жок андай эмес, күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө, ошолор келип басып алган” дешүүдө. Биз ошол 2 тарапты тең карап, кайсы бирине өтүп албашыбыз керек да. Биз калыс караган позицияда болушубуз керек. Кыргыздарда жакшы сөз бар, “Керкисинде да, кемтигинде да бар” деген. Эки жактан тең күнөө кетти деп, калыс баалашыбыз керек. Себеби, адегенде Бакиевдер светтин баасын, телефон баасын көтөрүшүп, элди укпай, нараазычылыктын жаралышына жол берип коюшту. Максим жанагынтип, өзүнчө бир мамлкеттик орган түзүп алды. Ошол эле маалда оппозиция тынчтык минтгин уюштурбай, тынчтык митингдин ордуна курал-жарак көтөрүп барышты. Бул жерде Бакиевдин дагы бир күнөөсү, УКМК деген чоң кызмат колунда турган, ушунун баарын изилдеп, чагымчылдыктын алдын алышы керек болчу. Тилекке каршы, чара көрбөдү. “Оппозиция курал менен киргени жатыптыр” деп бул жакта биз угуп жаттык, колунда атайын кызмат турган соң, алар бизге караганда алдын ала билиш керек эле да. Кала берсе канча курал бар экенинен бери тактап койсо болмок. Аянтта куру дүрмөт менен же чын ок менен атып жаткандыгын эч ким билген жок, бирок атып атты. Беркилер да атты. Эки тараптан тең ок чыкты. Ошол эки жактан тең кемчиликтер кеткенин баарыбыз көрдүк. Эми убакыт өткөндөн кийин таразага салалы. Президент дагы элдин биримдигине аракет кылалы, башын бириктирели, ынтымакка келели деп жатат, ал аракети туура, мен колдойм. Себеби, мына Тажикстандагы согушта жүз миңденген адамдар өлүп кетти. Ошолор дагы кектешпей, бир бирин кечиришти, эки жактан тең кемчилик кеткенин мойнуна алышты. Ошондуктан, биз бүгүнкү күндө ынтымакка кол сунуп, Бакиевди алып келишибиз керек. Андан бери 12 жыл өттү. 12 жыл куугунтукта жүргөндөн көрө, 12 жыл түрмөдө жатса жеңил болмок. Биздин бул жердеги негизги максатыбыз ынтымакка чакыруу. Бакиевди алып келип, күнөөсү бар-жогун териштирип, ак болсо актап, күнөөсү болсо күнөөлүү деп таап, анан ынтымак деген түшүнүктүн негизинде мунапыс беришибиз кажет. Бизде ынтымак болсо өнүгүү болот, инвесторлор келет. Ошон үчүн Бакиевди алып келүүгө мезгил бышып жетти.
Б.Н: --Атамбаевдер төңкөрүштө светке, телефонго болгон баанын көтөрүлүшүн шылтоо кылышкан эле, бирок өздөрү бийликке келгенден кийин Бакиевдерден дагы кымбаттатып салды го. Чектөөдөн ашкандан кийинки тариф 2 сом 16 тыйын болду. Бул көз боемочулук эмеспи?
Б.Талгарбеков: --Муну кийинки этеп деп карайлы. Ошол учурда Бакиевдер светти туура көтөрдүбү же туура эмес көтөрдүбү дегенди, андан сырткары бир топ маселени караганда деле, элде нараазычылык жаралды, бул факт. Муну Бакиевдин бийлиги өз учурунда жөнгө салып, жокко чыгарыш керек болчу. Ошол учурда коомдук чыңалууну жокко чыгара албай койду. Данияр Үсөнов “мына ушундай кылабыз” деп туруп алды. Бул нараазычылыкка жем таштады. Ошондой болгондон кийин иш тынчтык жолу менен кетиш керек эле, тескерисинче, аларга шарт түзүп берип койду.
Б.Н; --Бийликти алгандан кийин Убактылуу өкмөтчүлөрдүн арасында талаш болгону, Атамбаев: “Мен жасадым мен болом” дегенде Бекназаров: “Баарыбыз эле эркек экенбиз, Отунбаева болсун, талашпайлы” деп чыгып, ага Атамбаев: “Эй саруулар, бийликти силер алгыңар келип жатабы, буга кимдин күчү кетти” дегенде Бекназаров: “Кантип саруулар” деп жулкунуп. Анан Атамбаев: “Бекназаров саруу, Отунбаева саруу, Тургуналиев саруу” деп баарын эсептеп бергени айтылып жүрөт. Ошондо башкалары капталдан чыгып, бир жыл чыда деп көндүргөн дешет...
Б.Талгарбеков: --Негизи дароо эле Отунбаева менен Каптагаев экөөнө “эки тизгин бир чылбыр” тийген да. Айрымдары чет-бучкагына илинсе, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асановдор жөн эле сүрүлүп калышкан. Текебаев Конститутция менен гана алпурушуп отуруп калган.
Кайып Шер: --Ушул жерде Апрель окуясында жоголгон 300 млн доллар боюнча да айтылышы керек. Россиядан келгенден кийин 80 миллионун ГЭСтин курулушуна коротушуптур, 220 миллион калган экен. Революция учурунда акчалар саналып, миллиондор боюнча сүйлөшкөн сөздөр тараган. Кийин ойлосом, ошол 220 миллион доллар экен. Эми ошол акчаны бир эле киши алып кете турган болсо эсептеттирбейт болчу. Кандай болгон күндө да ал акчалар бөлүндү. Ошол кездеги Улуттук банкта иштеген адам жакында парламентте окуяны ачыктады. Эми текшерүү жүрүп, акчалар кайтарылышы керек. 220 миллион доллар деген эмне деген каражат эй. Мындан сырткары, Кытайдан алынган кредиттер тыкыр иликтениши кажет. Максим Бакиев Датка-Кемин долбоору менен Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо ишине өтө чакан көлөмдөгү каражат менен сүйлөшкөн экен. Мисалы, ЖЭБти 150 миллионго оңдомой болгон экен. Кийин ошону булар 385 миллион долларга көтөрүп, оңбогондой акчаны жептир да. Бир кычкачты 600 доллардан алганы кийин билинбедиби. Бул иш дагы чала тергелип, шашылыш эле сотко аышырылды, кажараттын орду толтурулбады. Буга Атамбаевдин катышы болбосо, ылдыйкы звенодогулар ири коррупцияны жасай алмак эмес. Андыктан, ушул иштер териштирилиши керек. Булардын тыкыр иликтөө үчүн жана Бекболот ага айткандай, бышып жетилди, эми Бакиевди алып келүү зарыл. Ошондо билинет да кимдин ким экени. Анан эл ошого карай таразалап алат. Биз дагы кимдин ак экенин аныктап алабыз. Ынтымак ошондо жаралат. Окуянын чын-төгүнү ачыкка чыккандан кийин элдик биримдик башталат. Президент ошол багытка ык коюп, ынтымакты орнотобуз деген ураан алдында Акаевди алып келип анын ишин иргеп бердиби, эми экинчи кадамын шилтеп, Бакиевди дагы алып келип, ортодогу нааразылыктарды жоюшу шарт. Бир кадамды таштап, анан экинчисин шилтей албай калса, анда баары чала болуп калат. Бир эле киши үчүн шарт түзүп бергендей жагдай жаралып калат. Анда ынтымакты орнотуу идеясынын ашмалтайы чыгат. Талкаланат. Элдин ишеними кетет. Эмне үчүн Акаевди алып келип сүттөн таза кылат да, Бакиевди өгөйлөйт деген сөздөр күчөйт. Мындай пикирлер азыр айтыла баштады, эл арасында болуп жатат. Бул пикирлер күчөй электе, элдин назары сына электе экинчи кадамды шилтеп, жыйынтыкты чыгаруу зарыл.
Б.Талгарбеков: --Мен дагы акча боюнча айта кетейин, ошол маалда мен “Ак шумкар” партиясында аппарат жетекчи болуп тургам. Ошондо Абдымалик Мырзаев деген партиянын мүчөсү бар эле. Ал мурда УКМКда иштеген экен. Ошол жигитти Темир Сариев Улуттук Банкка орун басар кылган. Ал иштеп калды. (Мен 8-апрелде кетип калгам. Т.Сариев “Биз жеңбедикпи” деди эле, кандуу төңкөрүш болуп калды, мен минтип бийликке келем деп ойлогон эмесмин, кеттим дедим). А.Мырзаев абдан так жигит эле. Ошол жигит кызматтан кеткенде маалымат жыйын өткөрүп, “Белгисиз адамдар келип банктын ячейкаларынан акча алып кетип жатат деп мага маалымат келип, мен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө телефон чалсам, алар “Киришпе” деди. Анан болбой эле банкка барсам, кара мүшөктөр менен акча алып чыгып атышыптыр. Каяка алып баратасыңар, мен Улуттук банктын төрагасынын орун басарымын деп документимди көрсөтсөм, түртүп-түртүп салышып, келип калышты. Ошону менен акчанын бары жок” деген. Менин таң калганым ушул болуп жатат да, албетте, Атамбаевдин бийлиги турган учурда бул изилденбейт эле, эмне үчүн жаңы бийлик буга чекит коюп койбойт? Мындан сыркары, ошол маалдагы Коргоо министри Бакытбек Калыевдин ячейкасынан 9 миллион доллар чыккан. Бул гезиттин баарына жарыяланган. Ал өзү соттолгон жок. Ал эми президенттин кеңешчиси болуп иштеген Элмурза Сатыбалдыев соттолду. Жоопкерчилиги жогору болгон министр Калыев бир күнгө да соттолбой, жоопкерчилиги жок кеңешчи Сатыбалдиев 10 жылга кесилип кетти. Калыевдин 9 миллион доллар каякка кетти? Ал акча боюнча сот болдубу, ал бюжетке өттүбү? Сот болуп, ал каражат мамлекеттин пайдасына чегерилгени боюнча документтер элге көрсөтүлө элек. Маалымат жок. Калыевдин 9 миллион боюнча дагы, берки 300 миллион боюнча дагы элге информация берилген эмес. Булар эмне үчүн ачыкталбайт? Жакында парламент жыйынында Улуттук банктын азыркы жетекчиси “300 миллионду Бакиевдер алып кеткен эмес десем мени камай турган, соттой турган болушкан, мен арызымды жазып кеткенге аргасыз болгом” деди.
(Уландысы кийинки санда)
Булак: "Жаңы Ордо" газетасы