Салык кызматы органдарынын маалыматтык системасынын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо, жакшыртуу жана IT-адистеринин ишин натыйжалуу кылуу максатында "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси ишке кирди. Мекемени түзүү боюнча тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-мартта кол койгон. Ал кандай милдеттерди аткарат? Кандай зарылчылдыктар жаңы мекеменин түзүлүшүн шарттарды? Бул суроолорго Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев жооп берди.
- Эмне себептен мындай чечимге келдик? Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхка кайрылууга туура келет. Эки жылдан бери Салык кызматы санариптештирүү боюнча жумуштарды активдүү алып барууда. Бир гана Салык кызматы эмес, санариптештирүүгө башка мамлекеттик кызматтар, деги эле дүйнө өтүп жатат. Ошондуктан, бул абдан орчундуу маселе.
Салык кызматы 2012-жылы эле биргелешкен борбордук системага – ИСНАКка өткөн. Мында өлкөнүн бардык салыкчылары жана салык төлөөчүлөрү бир системада иштешет. Жаңы система киргенде 8-9 модуль бар болчу. Алар кайсылар? Мисалы, салык каттоодон өтүү модулу – арыз жазылат, инспектордук чечим чыгат. Мунун баары маалымат аркылуу болот. Кагазга жазылган арызды инспектор биринчи системага киргизип, андан кийин чечим чыгат. Дагы бир модуль – текшерүү модулу. Анда салык төлөөчүлөрдүн дисктери каралып, упайлары чыгарылып, анын негизинде кайсы салык төлөөчүнү текшерүү керектиги аныкталат. Бул абдан оор, абдан чоң модулдардын бири. Ал эми туура эмес чечимдер чыгып, салык төлөөчүлөр кайрылса, инспекторлор аппеляциялык модулда иштешет. Чоң модулдардын дагы бири – отчет берүү модулу. Башта аталгандар сыяктуу 8-9 модуль бар эле, а азыр алардын саны 50гө жетти. Буга жылдан жылга бизнес процесстери көбөйүп, санариптештирүү күчөп жатканы себеп.
Андан тышкары ИСНАК системасынын тегерегинде жаңы маалымат системасы пайда болгон. Жакында эле чыккан электрондук фактура, санариптик маркировка, электрондук патент дегендер модуль эмес, өзүнчө маалыматтык система.
Салык кызматынын маалымат технологиялар жаатын башынан эле жеке фирмалар тейлеп келишкен. Жыл сайын тендер өтүп, анын негизинде бир жыл бою ким тейлери белгиленчү. Бирок өздүк система болбосо пайдубал болбойт экен. Тендерден утуп алган фирма бир жыл эптеп иштесем дегендей кылат. Анын үстүнө программанын тили көп да, бири келип башканы, экинчиси келип дагы башканы жазып кетет. Ошон үчүн салык системасынын процесстери оорлоруп, маалыматтык технология боюнча өнүгүүсү акыркы 2-3 жылды эске албаганда, бир аз оор жүрүп жаткан.
Маалыматтык системалар күнүгө карап, оңдоп, жаңылап турууну талап кылат. Мисалы, уюлдук телефондогу тиркемелер дагы бир жумада бир жаңыланып турат. Биздин система дагы күн сайын тестирлеп, кандай катачылыгы бар - карап, кайсы жагын жакшыртууга болоору иликтенип турууга муктаж болду. Андан тышкары пандемия маалынан баштап көпчүлүк электондук отчетко өтө баштады. Мунун баары биздин ишти 200-300 пайызга көбөйттү. Мындан улам өткөн жылдын июнь айында Салык кызматында 35 штаттык инженердик-техникалык топ түзүлгөн. Быйыл жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан соң, ага жараша отчеттордун, чечим, арыздардын форматтары толук өзгөртүлдү. Бул дагы өзүнчө чоң жумуш. Ошондуктан, Министрлер Кабинетине программисттердин санын көбөйтүү боюнча кайрылып, маалыматтык технологияны камсыздоо боюнча мекеме түзүүгө жетиштик.