Мындай пикирин Кунаш Асанов аттуу Facebook колдонуучусу жазды.
«Туугандар!!!
Азыр Россия менен Украинанын тиреши күчөп турган маал!
Өзүн аябай акылдуу, Гений ойлогон эксперт сөрөйлөр аябай көбөйүп бара жатат!
Бир-бирине тукуруп, провокациялык маалыматтарды байма-бай таркатып жатышат!
Ошолордун бирөөсү Турсунбай Бакир уулу деген акабиз да жөн отурбай, болушунча чалмасын чалып жатат.
Ушундай куру патриоттордун залакасы өлкөбүзгө тийбейт деп эч ким кепилдик бере албайт!
Бул кишинин айтып жаткан маалыматтарына көңүл бурсаңыздар, экстремисттик, радикалдык маанайда болуп жатат!
Тийиштүү органдар ушундай эксперт сөрөйлөрдүн жүгөнүн тартыш керек, керек болсо жоопкерчиликке тартыш керек!!!», — деп жазган ал.
Булак: argument.kg