Печать
Категория: Коом
Просмотров: 916

Соцтармактарда Ысык-Ата районунда фермерлер сүттү дарыяга төгүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Анда, сүттү кайра иштетүүчү заводдор сүттү алууну токтотуп койгондуктан, тонналаган сүт сууга төгүлгөнү айтылган. Мындай маалыматтардын чын-бышыгын тастыктоо үчүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жерине барган. 

"Акыркы күндөрү социалдык тармактарда тарап жаткан сүт азыктарын төгүү фактысын жеринде териштирүү максатында Чүй облусундагы "Үмүт жана Ко", "Ак Сүт" компанияларында инспекциялык иш сапарда болдук.

Урматтуу фермерлер, акыркы кезде сүткө сууну, майды, акиташты жана башка заттарды кошкон фактылар кездешүүдө.

Сиздерден сураныч, сүткө эч нерсе кошпостон таза бойдон заводдорго тапшырсаңыздар алар эч тоскоолдуксуз кабыл алышат. Ишкана жетекчилиги буга кепилдик беришти.

Заводдор сапатсыз, кошумча аралашкан сүттөрдү текшерүүсүз кабыл алып, даяр продукцияны тетрапакеттерге куюп сатыкка чыгарганда деле сүт азыктарынын акыркы колдонуучулары - элибиздин ден соолугуна зыян.

Ошондуктан, элдин ден соолугуна зыян кылбай, келечектеги генофондубузду сактоого аракет кылалы!"  - деди Бакыт Төрөбаев.