Печать
Категория: Коом
Просмотров: 767

- 2010-жылдагы  Июнь окуясы боюнча УКМКнын жетекчиси К.Ташиев, Президент С.Жапаров сурак берди. Эми 500 кишинин өмүрүн алган кылмышка укуктук баа берилип, күнөөкөрлөр жоопкерчиликке тартылабы? Же акыркы учурда активдеше баштаган айрым саясий лидерлерди опузалоо менен гана чектелип, "карга карганын көзүн чукубайт" деген принцип менен жыйынтыкталабы?

- 2010-жылдагы июнь коогалаңы тарых барактарына кетпей турган кара так болуп жазылып калды. Канчалаган адамдар оор жоготууларга учурап, үй-жайлары өрттөлдү. Андай апаат экинчи кайталанбасын! Ачыгын айтканда, түштүктөгү кандуу окуялардын чыгышына ошол кезде төңкөрүш жолу менен бийликке келген Убактылуу өкмөттүн кайдыгерлиги, шылаакылыгы себепкер болгонун эл жакшы билет. Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев ж.б. Убактылуу өкмөттүн анабашчылары өзбек сеператисти Кадыржан Батыров менен жакын ымалада болуп, алардын электоратына ээ болуу үчүн дем берип, көкүтүп, өзгөчө мамиле кылышканы далилденген. Мен ошол кезде “Ата-Журт” саясий партиясынын борбордук штабында иштеп жаткан болчумун. Кандуу каргаша башталаарына бир ай калганда эле партиянын лидерлери Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдор түштүктө өзбек диаспорасынын лидерлери эл менен жолугуп, сеператисттик чакырыктар менен чыгып жатышканын, Ош ТВ сыяктуу медиа-борборлор өзбек тилдүү элге автономия бериле тургандыгын тынбай сайрап, кырдаалды курчутуп жибергенин, демек, тез арада чара көрүү керектигин баса белгилеп, Убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдошкон. Бирок УӨ бул талаптардын бирин дагы угуп койгон жок, кайра тескерисинче, Кадыржан Батыров сыяктуу сеператисттер менен жең ичинен да, ачык да сүйлөшүп, алардын духун ойготушканы жалганбы? Абал таптакыр көзөмөлдөн чыга баштаганда “Ата-Журт” партиясы күн сайын Убактылуу өкмөткө барабан кагып турду. Анда “ата-журтчулар” чоң күч болуп турган, ал эми Убактылуу өкмөт буларды укмак тургай, “эртең бийликти тартып алат”- деп чочулашып, “реваншист” ярлыгын тагып, “изгой” кылууга аракет кылышты го. Эгерде Убактылуу өкмөт “ата-журтчулардын” айтканын укса, ондогон адамдар тирүү калмак, Ош кыйроого учурамак эмес!

Ош жана Жалал-Абад областтарынын эли коогалаңдан түздөн-түз жабыр тартты. Жакынынан айрылуу кандай кыйын, а дагы жүздөгөн адамдар түбөлүк майып болуп калышты да. Күйүткө буулугуп турган калктын көксүнүн суутунун бир гана жолу – июнь окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап, жазалоо болчу. Анткен менен, Убактылуу өкмөт өзү олтурган бакты кыймак беле, чындыкты болушунча бууп келди. Ал аз келгенсип, кандуу кыргындын башкы уюштуруучусу Кадыржан Батыровду өздөрү паспорт жасап берип, качырып жиберишкен. К.Батыровго паспорт жасап берүү ишинин башында турган Эдил Байсалов азыр Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ага да чара көрүлүп, кызматтан алынып, жоопко тартылышы кажет.

Ошол кезде парламенттин бийик трибунасынан Жогорку Кеңештин К.Ташиев, С.Жапаров, А.Келдибеков, Ж.Жолдошова ж.б. “ата-журтчу” депутаттары июнь окуясын аягына чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга убада берген. Мына азыр бийлик С.Жапаров менен К.Ташиевдин колунда. Ошондо берген убадаларын азыр бийликте олтурган кезде аткарбаса, кийин мындай мүмкүнчүлүк келбей калышы мүмкүн. Өздөрү барып, сурак берип чыкканы жакшы жышаан. Демек, бул тарыхый окуяга чекит коюу ниеттеринде бар. Ошондуктан, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге ишенип, күтө туралы. Бекем туруп, ишке ашырышпаса, эл ишеничинен чыгып калышы мүмкүн экенин кошумчалап кетсем, ашыкча болбостур.

Булак: "Жаңы Ордо" гезити