Печать
Категория: Коом
Просмотров: 525

Галина Байтерек 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын 18-майында башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган. Четтен карап, сындап туруш оңой, бирок Г.Байтерек өтө оор мезгилде бул кызматты аркалап, маалымат майданын бир калыпка салууга чоң салым кошо алды. Ошентсе да, кыргызда “көрө албастык” илдети күчтүү эмеспи, артынан ар кандай ушак ээрчип жүрөт. Бүгүн ошол ушактардын айрымдарына жооп алдык.

- Галина айым, айрым массалык маалымат каражаттары сизди көптөн бери эрмектеп, “пресс-катчылыкка асмандан түшө калган”, “иштей алган жок, боёнуп эле басканы эсте калды”,- таризинде жазганын койбоду. Бул айыптоолорго кандай жооп бере аласыз? 

- Атайын убакыт бөлүп, менин пикиримди сурап келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Чынын айтсам, буга окшогон көчө деңгээлиндеги сөздөргө көңүл деле бурбайм, бул айрым журналист коллегаларымдын кимдир-бирөөлөрдүн айдактамасы менен жазылып жаткан ушактар. Азыр эл расмий маалыматка караганда ушактарга бат ишенип алышат, ошон үчүн гана менин дарегиме айтылып жаткан сөздөргө тактоо иретинде маекке макул болуп олтурам.
Эми сиздин сурооңузга келе турган болсок... Мен эч кандай асмандан түшкөн жокмун. Артымда жаманбы-жакшыбы, журналистика тармагында жетиштүү тажрыйбам бар. Ал эми кантип келип калганымды айтсам, бул маселеде чоң деле жашыруун сыр жок. 2020-жылкы парламенттик шайлоо маалында мен өзүмчө эле Садыр Жапаровду колдоп жүргөм. Ушунумду байкап калышкан го, кийин мени командага чакырышты. Анда да дароо макул болуп, оор учурда иштеп бердим. Көбүнесе пиар жагынан колдон келишинча жардам бергенге аракет жасадым. Ошондон кийин пресс-катчылык кызматка сунуш түштү. Болгону ушул.

- Сиз өтө оор учурда пресс-катчы болуп иштеп келгениңизди билебиз, кандай иштерди жасай алдыңыз, айтып берсеңиз? 

- 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин өлкөбүз, өлкө жетекчиси өтө татаал кырдаалга кептелди. Ошондой шартта мен Президенттин жетекчилиги менен иштеп, анын саясатын жүзөгө ашыруу менен гана алек болдум. Албетте, администрация жапа тырмак иштеди. Ошол маалда Кыргызстан конституциялык түзүлүштү аныктоо сындуу тарыхый мааниси чоң маселелер менен алпурушуп, өлкөбүз тарыхый бурулуш учурда турган. Ушундай шартта мен коллегаларым менен чогуу Президенттин саясатын элге туура түшүндүрүүгө күч үрөдүм. Калганын мезгил таразалайт.

- Андан тышкары, кээ бирлер “Галина айым президенттин жанында жүрүп бизнесин өркүндөтүп алды, майталкан жашоодо күн кечирип жатат”,- деген мааниде жазышууда. Шаардын чок ортосунан жер саткан дешүүдө, ал эмне жер? Бул ушактарды таркатууга кимдер кызыкдар болууда?

- Ооба, апам экөөбүздүн көптөн бери биргелешип түптөгөн бизнесибиз бар. Шаардын чет жакасында. Жеке менчик мамилеси орнотулганы Кыргызстандын эркин адамы катары апамдын бизнес жүргүзгөнгө укугу жокпу? Ал аябай эмгекчил адам. Анын мээнеттенип жатканын көрүп туруп, четтен байкоо салып турмак белем. Кыскасы, учурунда апам экөөбүз түптөгөн  бизнес. Учурунда салыгы төлөнүп турат. Мамлекеттик жумушка өткөнү мен ал бизнес менен алектенбейм. Апам жалгыз башкарып, алынын жетишинче иштетип жатат. Ал эми “шаардын ортосунан жер сатты” деген ушакка келсек, ал караандай калп! Ыйык Орозо айында ушундай ушак таратууга эмне күч келди? “Азия Ньюс” басылмасы калп айтып, ушак таратууну өнөкөт кылып алды. Алар биринчи жолу жалаа жаап жатышкан жок. Ошол себептен, мен өзүмдүн укуктарымды мыйзам чегинде коргоого мажбур боломун. Айткан калптарын далилдеп беришсин.

- Чоң рахмат! Ишиңизге ийгили каалайбыз!

- Мен да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элин ыйык Орозо айы менен куттуктап, окулган намаз-дуаларынын кабыл болушун каалайм! Өлкөбүздө тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун!