Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

Яха Батукаева — «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин карындашы, Кыргызстандын жараны. Ал Россияда кармалып, Кыргызстанга эсктрадицияланган.
Тактап айтканда, Батукаева Челябинск шаарында героин сактагандыгы жана аны саткандыгы үчүн 17 жылга кесилген болчу. Себеби ал 2016-жылы шериги менен батир ижарага алып, ал жакта 28 кг баңгизат сактап жүрүшкөн. Андан соң Батукаева сатып алуучу таап, ага 5 кг героин саткан.
Андан кийин Батукаева Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламдүнүн районунун Степное айылындагы №2 түзөтүү абагына экстрадицияланган.
Батукаева Жогорку сотко кайрылып, жаңы жагдайларга байланыштуу ишин кайра кароону өтүнгөн. Жогорку соттун басма сөз кызматы «АКИpress» агенттигине сот отуруму жылдырылганын билдирди.

Булак: Баракелде