Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2023-жылдан тарта Ысык-Көлдө канализация системасы жана тазалоочу курулмасы жок пансионат, эс алуу үйлөрүнүн иштөөсүнө тыюу салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Жарлыкта учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүп жатканы айтылат. Ага тез арада чара көрбөсө, экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

"Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгаган негизги булактардын бири — Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар менен калктуу конуштар. Жергиликтүү жашоочулар, уюм, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, кээде түз эле көлгө агызууда. Анткени тазалоочу курулма таптакыр жок. Болсо дагы тазалоо сапаты талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган саркынды суулар кошулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө көлгө канализация системасы жана тазалоочу курулмасы жок пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объектилер зыян келтирип жатканы айтылды.
Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо максатында аталган жарлыкка кол коюлган.

Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта төмөнкүлөргө тыюу салынат:

"Жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына, Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлөт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетине 2023-жылдын 1-июнуна чейин берилген тапшырмалар:

Булак  Sputnik.