Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер прокуратурасы Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Анда документтерди жасоо жолу менен кызматкерлердин айлыгы үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчаны өөнөп алган фактыны таап чыгышкан. Бул ишке айыпталып жаткандар айлыктан баш-аягы 900 миң сомдон ашык акча кармап калышкан.

Факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: Маралфм