Печать
Категория: Коом
Просмотров: 332

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Башкы прокуратурага инюь окуясы боюнча күбө иретинде көрсөтмө берди. Андан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ар кандай такталбаган маалыматтарды таратуу менен өлкө жетекчилигин жаманатты кылуу аракеттери болуп жатканын айтты. 

"Көпчүлүк журналисттер сенсациянын артынан түшүп алышып, моралдык укукту бузушууда. Мен ар кандай эл аралык уюмдардан жүз миңдеген каражатты айлык акы катары алган көп журналисттерди билем. Аны актоо үчүн кимдир бирөөнү жаманатты кылып турушу керек. Андыктан, мамлекет башчысын жана мени бутага алышты", - деди Камчыбек Ташиев.