Печать
Категория: Коом
Просмотров: 325

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Башкы прокуратурага суракка чакырылган. Ал жактан чыккандан кийин журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди:

Июнь окуясы тууралуу

"Мен тергөөнүн жүрүшүн билбейм. Бирок билгендеримди айтып бердим. Мамлекеттик жана депутаттык комиссиянын отчетунда да июнь окуясынын келип чыгышына негизги күнөөкөрлөр убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү деп так аныкталган. Алар өздөрүнүн таасирин жана түштүктөгү бийлигин сактап калууга аракеттенип, жергиликтүү сепаратисттерди колдоого алышкан, алардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангылары келишкен, анын айынан улуттар аралык кагылышуу келип чыккан. Жыйынтыгында, 500дөй киши каза таап, бир нече жүз миңдеген жарандар жабыркады, мамлекетке чоң сокку урулду. Мунун баары убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болду. Мында алардын аракетсиздигин да кошсок болот. Кадыржан Батыровдун качып кеткени шек жаратат. Анын качып кетишине ким мүмкүнчүлүк берди? Кантип өлкөдөн чыгып кетти? Качан жана ким менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин? Бул жагдайлардын баарын иликтеп чыгуу керек".

Болот Темиров жана анын кылмыш иштери тууралуу

"Кылмыш иши ал иликтөөсүн чыгара электе, үч ай мурда эле козголгон. Болот Темиров 28 жашында Россиядан Кыргызстанга кайтып келгенде, карапайым жарандын аскер билетин уурдап алган, андагы сүрөттү сыйрып таштап, өзүнүкүн жабыштырган. Фамилиясын өзгөртүп, ошол аскер билетин көрсөтүп, Кыргызстандын паспортун алган. Бул кылмыш жоопкерчилигиндеги иш. Жасалма документтерди колдонгону үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Документтерди берген тийиштүү кызматтар дагы жооп бериши керек. Биз журналисттерге жеңилдик бере албайбыз. Эгер журналист мыйзам бузса дагы жоопко тартылбаса... Мындай кылбаш керек". 

Уулуна таандык компаниянын тендерден утуп алганы тууралуу

 "Ал жерде үч тендер болуптур, биринчиси 50 миң сомдук, экинчиси - 150 миң, үчүнчүсү - 200 миң. Бул ири компаниялар үчүн өтө эле аз сумма. Ошондуктан, башка компаниялар катышууну каалашпаган. Жергиликтүү бийлик органы, шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы, Жаратылыш ресурстары Министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын өкүлдөрү суранычы менен тендерге катышкан экен. Жыйынтыгында, биринчи тендерден 3,5 миң сом, экинчиден 6 миң, үчүнчүдөн 7 миң сом киреше тапты. Жалпы киреше 16 миң 500 сом болду. Бул тендерлер миллиондук эмес. Алар майда тендерлер".