Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

- Сиз манасчынын уулусуз. Жакында Бишкектин четиндеги Манас айылын талкалап жатышат деп чыгышты. Манас айылы боюнча кандай чечим кабыл алынган, ошол боюнча айтып берсеңиз?

- Манас кыргыз элиники. Мен “Манастагы” ар бир окуяны жакшы билем. Манасчыны көрүп, колунан жетелеп, сөзүн угуп чоңойдум. Атамдай күпүлдөп айтпасам да, анын ар бир окуясына сүңгүп өскөм. Манас айылын президент айтпадыбы “жакшырталы”, - деп. Манас айылынын азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Асфальты жарака, өспөгөн жерден чөп өскөн. Менден кичүү, наркты, салтты туткан, өз баркынан улуттун наркын бийик койгон манасчы инилерим туура түшүнөт деп ойлоймун. Себеби, Садыр Жапаров президенттикке аттанаарда эл менен жолугушуусун биринчи Таластан, Манастын күмбөзүнө зыярат кылуу менен баштаган. Ар бир жолугушуусунда Манас тууралуу айтып жүрүп, Манас театрын ачты. Манас академиясы, чыгармачыл үйлөр ишке кирди. Манас – элдики, бир кишиники эмес. Балким, айрымдар ушуну менен Манас айылын жок кылып салышат деп кооптонуп жатышат. Ага кимдин дити барат? Кыргыз үчүн Манас ким? Ал – мамлекеттик түзүм, нарк, салт, үрп-адам, улуттун жерге, бири бирине, тоо-ташка, башка улуттарга болгон мамилеси. Андан кыргызга тиешелүү бардык нерсени табабыз, музыкалык аспаптардан баштап мамлекеттин түзүлүшүнө чейин бар. Саякбай Каралаев  Бакайдын Семетейге Кыргыз мамлекетин тааныштырганын эле эки күн айтат. Анан улуттун кан-жанына сиңген ушундай нерсесине президент Садыр Жапаровдун мамилеси башкача болот беле? 

Маектешкен Нургазы Анаркулов