- Президенттин аппараттын жаңы имаратынын курулушу коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Президентибиз Садыр Жапаров дагы өзүнүн кайрылуусунда “жакшы иш кылалы десек, жаман жагын издейсиңер” деген таризде айтты. Ар бир кайрылуусунда мамлекет башчы элди ынтымакка чакырып, дүйнөнү кризис каптап турган чакта, өлкө келечегин ойлоп, ынтымактуу болууну суранып келет. Ушул фондон алып караганда, бүгүнкү күндө жаңы Ак үйдү куруунун зарылчылдыгы канчалык? Соцтармактагы сын пикирлер имаратты куруу үчүн алмашылган жер тууралуу да болуп жатат, ал жөнүндө да айтып берсеңиз?
- Суроо берип жатып кыргыздын нарктуу сөзүн айтып өттүңүз. Ынтымак деген. Кыргыз калкы байыртадан эле баркынан дагы наркын, дөөлөтүнөн дагы сөөлөтүн бийик туткан, 60 асый болгон Тайторуну чапкан, Көкөтөйдүн ашын берген эл. Кепти ынтымактан баштайлы, илгери жоопкерчилик заманда элден ырк кетип, бири бирине кыйгы кабак болуп, кыл тиштешип, жумурткадан кыр издешип, кыйналып турган чагы экен. Ошондо бир карыя “жүрөктөн жүлүндөй түтүн чыгарып элиме ынтымак издебесем болбой калды”, - дейт. Элине ак тилегин каалап, кокту-колотумду, элимди туу тутуп, ыйман тилейм, элди ынтымакка чакыра турган эл башчыларын тилейм деп отурган маалында эшигин кагып бир жигит келет. “Менин атым Бакыт дейт”, - жигит. Карыя: “Атың жакшы экен”, - деп чайын берип узатат. Андан кийин дагы бир жигит өзүн Таалай деп тааныштырып келет. Аны да карыя коноктоп, узатып коет. Таң сөгүлүп атып, тараза жылдыз батып калган чакта дагы эшик кагылат. Бул сапар келген жигиттин ысымы Ынтымак экен. Карыя ордунан ыргып тура калып “Ынтымак болсоң калып кет, Ынтымак болсоң жатып кет. Конуш жарашса, орун-очок ал”, - деп жиберет. Ынтымактын артынан Таалай менен Бакыт да кайтып келген экен. Ошондон улам, кыргыз өз насилинде ынтымакты бийик тутуп, ынтымак бар жерде таалай менен бакыт да бар деп келет. Кыргызда “чындык муштумун түйүп туулат” деп коет.
Президентибиз “иштесек дагы, курсак дагы, курбасак дагы жакпайбыз”, - дебедиби. Мамлекеттин өнүгүшүнө жоопкерчиликти алып, баштарын канжыгага байлап, аракеттенип жатканда дагы коомчулуктан колдоо табуунун ордуна, ар кандай сын пикирлерге дуушар болуп жатканынан жаны кашайып айтты.
Кыргызда, деги эле түрк дүйнөсүндө астана ыйык жана бийик мааниге ээ. Ошон үчүн “эшигин көрүп төрүнө өт” деп коебуз. Астанабызды жаркыратып алсак, келгендер дагы өнүгүп жаткан өлкө катарында көрүшөт да бизди. Андан башка да өлкө боюнча кандай деген гана курулуштар жүргүзүлүп жатат, мектептер, жолдор, спорт залдар, медициналык мекемелер курулууда. Түндүк-түштүк жолунун курулушу токтоп калган жок, уланып жатат. Кыргыз жигиттери автобус, кыргыз кыздары лифт чыгарып жатат. Ушунун баары мени кубантат. Манас дилибизди аспеттеп Манас театрын ачканыбыз кубантат. Жаштарыбыз демилгелеп, улутту алдыга сүйрөйбүз деген ураан менен чыгып жатканы кубантат. Социалдык тармактагы кызматкерлердин, дарыгер, мугалимдердин айлык акылары эки эсеге көбөйтүлгөнү кубантат. Эмнеге ушундай жакшы самаалыктарды колдоп, даңазалап, кубана албайбыз?
Учурда президент отурган имаратка эки жылдан кийин 70 жыл толот. Бул имаратта канча деген журт башчылары журттун тагдырын чечкен, жолун ачып, үмүттөндүргөн чечимдерди кабыл алышты. Ушуну жаңыртып, мамлекеттин астанасын заңгыратып койсок, шаардын көркүн ачкан, жаңы коммуникациялар колдонулган, заманбап имаратты курсак эмнеге болбосун. Президент өзүнө салып жатабы? Имарат калат да. Кийин канча деген президент келип иштейт. Курулуш аяктап, шаарыбыздын бир бурчу жарк эте түшсө, элдин баары кол чабат. Көрөсүз. Айрымдар жердин укумунан берип санап жатат. Ал жер нечен жылдан бери ээн талаа болуп турса, мындан ары да тура бериши керекпи? Албетте, курулушка тандалып алынганда бардык жагдайлар эске алынды. Биринчиден, экологиялык экспертиза. Экинчиден, жайгашуусу, шаардын борбордук бөлүгүнөн алыс эмес. Акыркы жылдары эл, автоунаалар көбөйдү, азыр шаардын көчөлөрү мурункудай ээн эмес, бир жерден экинчи жерге баруу үчүн көп убакыт керектелет. Жолдордо дайыма тыгын. Мындай шартта, жетекчилик, тийиштүү кызматтарды бир имаратка топтоо, аны шаардын четирээк районуна жайгаштыруу – жыйындардын өз убагында өтүүсүн, чечимдердин ыкчам кабыл алынуусун камсыздайт, шаардагы тыгынды кандайдыр бир деңгээлде азайтат.
Менин оюмча, өнүгө турган, өсө турган эл жаңы имараттарды курушу керек. Ар кандай пикирлердин болушу мүмкүн, бирок аларга көңүл бурбоо зарыл, жалпы элдин кызыкчылыгы 4-5 кишинин кызыкчылыгынан бийик турат. 6 миллиондон ашуун элибиз бар. 20-30 миң кишинин пикири менен курулушту токтотуп коюу болбойт. Мен президентке айтмакмын: жакшы иш баштадыңыз, сиз келгенден бери курулуштар жанданды. Мисалы, Балыкчы-Кара-Кече жолунун курулушу 1995-жылы эле Турдакун Усубалиев тарабынан көтөрүлгөн. Бул жол курулса экономикага таасирин берээрин, шаарды жылытуу үчүн көмүр ташуу бир топ жеңилдей турганын айтып чыккан. Бирок ошондон бери бир казык да кагылган жок да. Буга чейинки жетекчилердин деми жетпеди. Азыр үч нөөмөт менен курулуп жатат. Буйруса, президент айткан мөөнөттө бүтүп калат. Экинчиден, Түндүк-Түштүк жолу ырааттуу курулууда. Үчүнчүдөн, чакан ишканалар, цехтердин курулуштары жанданды. Жеңилдетилген насыялар берилип жатат, жеңилдетилген пайыздагы ипотека берилип, социалдык багыттагы финансы саясаты жүрүп баштады. Булардын баарын эмнеге айтпайбыз? Биз качан колдоону үйрөнөбүз? Качан “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга” жетишебиз?!
Маектешкен Нургазы Анаркулов