Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

Кыргызстанда чек арачылар аткезчилерди токтотуу үчүн автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга мажбур болушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, чек арачылар Баткен районунун Өрүк-Зар тилкесинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунааны көрүп калышкан. Ал эми айдоочу чек арачылардын "токто" деген талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Унааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга эки жолу эскертүү иретинде ок чыгарган. Бирок жүк ташуучу унаа токтобой, андан соң чек арачылар анын дөңгөлөгүнө эки ирет ок чыгарган.

Текшерүү учурунда унаадан 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 620 бөтөлкө газдалган суусундук жана 10 килограмм кыям табылган. Жүктүн салмагы 1,5 тоннаны түзгөн.

Жүк ташуучу унаанын 33 жаштагы айдоочусу бул товарларды Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүп, сатууга аракет кылган. Жанында тиешелүү документтер болгон эмес.