Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

"Жалгандын дагы чеги болушу керек!" - деп жазды Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасына, депутат Эльвира Сурабалдиеванын дооматына жооп иретинде.

"Биз тууралуу такталбаган маалыматты таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык - түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, "аны бөлүп алды" деген сөз жалган! Кудайга дагы жакпаган иш!

Бул насыя алынган эмес, алынбайт дагы!

Өндүрүштө иштеп жүргөн мезгилде, депутат кезимде азык - түлүк коопсуздугу багытында көптөгөн иштерди жасадык.

Мына, үч жума мурда эле негизги азык - түлүккө баалар өсүп, эл арасында тынчсыздануу жаралганда мамлекет, элге жардам берүү максатында ушул "Дан Юг", "Мариям Ош" заводдору бааларды турукташтырууга өз салымын кошушту.

Бүгүнкү күндө деле азык - түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч - аракетибизди жасап, иштеп жатабыз.

Биздин эл азык - түлүк менен камсыз болуш керек. Бул үчүн дыйкандарыбызга максималдуу шарт түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Негизги азык - түлүк тартыштыгына жол коюлбайт!

Элибизде ынтымак болсун!" - деди Бакыт Төрөбаев. 

Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына айыл чарбасына бөлүнгөн кредиттерди Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана айрым депутаттарга таандык компаниялар бөлүштүрүп алганы тууралуу жазып чыккан.