Ысык-Көл облусунун экологиясын жана инфраструктурасын жакшыртууга "Кумтөрдөн" 61 миллион доллар бөлүнгөн. Бирок депутаттын айтымында, 2020-жылы бул акча башка максатка колдонулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирген.
"Башка максатка колдонулган кылмыш эмеспи. Мыйзамсыз да. Акчаны кайтаргыла!" - деди депутат. Андан кийин Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулаймановго: "Сиз келип 61 миллион долларды алып кетиңиз, экологияны жана инфраструктураны жакшыртыңыз", - деп кайрылды.
Алтынбек Сулайманов жоопту соцтармактагы баракчасы аркылуу берди.
"Балбак досум, жанагы 61 миллион долларды машина жөнөтөйүн, салып жиберчи, сураныч", - деп жазды.
Кийинчерээк, Түлөбаев аталган акчаны 2 жылдын ичинде кайтарып берүүнү убадалашканын белгиледи.