Бир нече мүнөт мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Facebook'тагы баракчасына пост жарыялап, жакында жасалып жаткан иштер боюнча бардыгын төкпөй-чачпай айтып берүүнү убада кылды.
"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?", - деп президент жазган.
Жогорудагы постту британиялык саясатчы Уинстон Черчилльдин "Чындык шымын кийгиче, калп жарым дүйнөнү кыдырат" - деген цитатасы менен коштогон.
Булак: Кактуз.кж