Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Түрк мамлекеттер биримдигинин доору келе жатат деп эсептейт. Мындай пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:

- Кечээ жакында эле түзүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун доору келе жатат көрүнөт... Ааламдашуу процесси туңгуюкка такалып калганын, постсоветтик мамлекеттердин карым-катнаштары татаалдашып, бир бөлүгү батышты, экинчи бөлүгү чыгышты самап турган заманда миң жылдап келе жаткан тарыхый, диний, маданий, жалпы тил - руханий Түрк Биримдиги актуалдуу боло баштаганы шексиз. Так ушундай кыйчалыш доордо кылымдардын карт тарыхында катылган " социалдык коомдук" гендер ойгонуп кетеби деп ойлойм. Орто Азиянын түрк тилдүү мамлекеттери да өзүнүн тарыхий тамырларын издөө процессинде. Ал тамырлар жок болуп кетиши мүмкүн эмес, 21 - кылымдагы татаал саясий жана экономикалык кырдаал өзүнөн өзү ошол "табигый" тамырларыбызды издегенге бизди түртүп аткандай. Бул тарыхый перспектива ааламдык Күн Тартибинен эч качан кеткен эмес, ар кандай саясий жагдайлардын кесепетинен жоголбой,бирок көмүскөдө калып келгени баарыбызга маалым.

Тышкы активдүү саясатыбыз да көп векторлуу, акыл-эстүү, заманбап жана натыйжалуу болсун десек, анда Түрк мамлекеттеринин уюмунун сөзсүз келечеги бар... Маселе, ошол тарыхий бирдиктүү тамырларыбызды сезип-билүүдө, ошону аздектөө жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү колдонууда турат!