УКМК тарабынан Бишкек шаарынан ок атуучу куралдар жана баңгизаттар бекитилген жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына белгисиз адамдар бир баштык катып кетишкендиги белгилүү болгон.
14-апрелде бул факты Маалыматтарды каттоо журналына катталып, ал жерге текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылган.
Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.