Печать
Категория: Коом
Просмотров: 60

13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, аймактын коопсуздук маселелерин талкуулап, кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту.


Булак: Маралфм