Быйыл Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнгө туура келет. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Мындай чечимди Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын дин кызматкерлери биргелешип кабыл алышты.
"Рамазан айы 2-апрелде башталып, 1-майда аяктайт. Орозо 30 күнгө созулат. Орозо айт 2-майда, ал эми Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кадыр түн Мухаммед пайгамбарга Курандын түшүрүлүшүнүн башталышы болуп эсептелет. Бул түнү дүйнөнүн бардык жеринде мусулмандар намаз окуп, куран окушат.
Булак: Кактуз.кж