Печать
Категория: Коом
Просмотров: 583

Журналист Шамурза Борукулов соцтармактагы баракчасы аркылуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. 

"Түштүк согушун иликтетип, акыйкатты ачыкка чыгарам деген президентибиздин шайлоо алдындагы убадасына аябай ишенип, мына бир жылдан ашык күтүп жүрөбүз. Бирок эч кандай аракет жок. Жок дегенде, түштүк элинин үмүтүн үздүрбөй: "шашпай тургула, убак саат келет" деген, бизди жоошуткан куру сөзү да айтылбай келет.

Садыр Жапаров Ош коогалаңына өзү барып катышып, согушту токтотуп калган үч азаматтын бири.

Садыр Жапаров 2010-жылы Бакиевдик башкаруу кандайча кулаганын, 7-апрелде аянтта эл кандай окко учканын, өлүктөрдүн саны Убактылуу Өкмөттүн канкорлорунун эсебине жеткидей болбой калып, борбор шаардын ар тарабынан өлүктөр ташылып келингенин, ал өлүктөрдүн арасында арматурадан таяк жеп же болбосо көчөдө катып өлгөндөр, а түгүл моргдордон ташылып келингендер бар экенин билет болуш керек? Бул нерсе эл арасында айтылып эле келбедиби.

Садыр Жапаров Ош коогалаңы кандайча башталганын, кимдердин кызыкчылыгы үчүн башталганын, кимдер баштаганын, кандайча токтогонун беш колундай билет.

Бирок дал ошол 7-апрелде, түштүк согушундагы эң башкы себепчи канкор катын Отунбаеваны дайыма жанына алып жүргөн Текебаевди элчи кылып кызматка көтөрүшү, биздин жанып турган үмүтүбүздү таптакыр үздү.

Ошол 7-апрелде "Ата-Бейитке" кимдер коюлганын алигече эч ким ачык айта албайт. Деги эле, ал мүрзөлөрдө адам барбы, бар болсо кимдер, эмне үчүн аларды туугандары өз айылдарына алып кетишпеди деген суроолор алигече ар бир адамды ойлонтуп келет.

Түштүк согушун иликтете турган адам, дал ошол түштүк согушунун уюштуруучусу Отунбаеваны алып жүргөнү эле көп нерседен кабар берет", - деген журналист.

Ал айласы кеткенинен Камчыбек Ташиевге кайрылып жатканын,  түштүк согушун андай билген адам жок экенин белгилеген. Ошондой эле, "Ташиев болбосо түштүк согушу андан да апаат кыргынга айланып кетмектигин" айткан.   

"Биз, түштүк эли үчүн: ошол согушту баштагандар, башталган согушту токтотуп калгандын ордуна борбордо ячейканы уурдап тоногондор, Бакиевдин атасынын короо жайын, жанындагы кыргыз желеги илинип турган кыргыз үйүн өрттөгөндөр, Ош шаарын руинага айланткандар, эч бир күнөөсү жок: ак үйгө митинг кылып барышпай, бийлик талашпай, болгону ордолуу Оштун бүтүндүгүн сактайм дешип курман болгон адамдардын өлүмүнүн себепчилеринин аты аталып, элге ачык-айрым айтылып, тарыхта кала тургандай болсун деген гана максат. Ал эми, Убактылуу Өкмөттүн он төрт шүмшүгүн атып бер, жер төлөгө камап сал деген эч ким жок. Ал жагын мыйзам чечет.

7-апрелде ак үйгө аракка тоюп, колуна курал алып бастырып барышкан баскынчылар баатыр болушуп, мына күнү кечээ президент баш болушуп, Отунбаева жанында жүрүп, куран окуп эскерилди. Ал өлгөндөр кимдер экенине карабастан миллиондогон акчаларды, үйлөрдү алышкан. Ушул күнгө чейин деле мамлекетке доомат кылышып, милдетин артып келишет. Эстеликтер тургузулду борбор шаардын как ортосуна. Жылда барышып, жалгандан болсо да ыйламыш болушуп эскерип турушат.

Ал эми түштүктө өлгөндөр, как будто элге келген жугуштуу чумадан кырылышып, алардын өлүгү эч кимге керек эместей, эскерилбей эстен чыгып калып кетсе боло бергендей элес калтырат.

Алар эмне үчүн кырылышты, алар деле бирөөлөрдүн чырактай баласы, кудай кошкон жары, аска-тоодой сүйөнгөн атасы экени эсибизден чыгып кетеби?

Алар үчүн орнотулган Ош, Жалал- Абад шаарларындагы эстеликтерге президент, экс президенттер Жээнбеков, Отунбаевалар барып койсо болбойбу?

Түштүк элинин духу көтөрүлүп, жакындарын жоготкондор бир аз болсо да ички дүйнөсүнө тынчтык алып калышпайт беле? Башканы айтпаганда да, Кадыржандын түбүнө жата калып, ошол согушту баштаган канкор МЫРКА өмүрүндө бир жолу түштүккө барып, өзү өлтүргөн маркумдардын элестнен кечирим сурап койсо болмок. Кандай болгондо да, бул акмак катын бир жарым жыл башкарган өлкөнүн ичинде түштүк эли да бар эмес белек?

Атамбаев бир убактарда: "Түштүк элин бөлүп алып, Ташиев президент, Келдибеков премьер болуп башкара бергиле, мага түндүк жетет" -деп, тантыраган сөзү ушул күнгө чейин өмүр сүрүп келе жаткандай сезилет?

Камчыбек! Сен эч нерседен жалканбаган, эч кимден коркпогон жүрөгүңдө жалы бар жигитсиң. Ошон үчүн жүз миңдеген түштүк эли Курманбек стадионуна топтолушуп, сени ЭЛДИК БААТЫР -деп жарыялаганбыз.

Ошон үчүн 2010-жылдагы түштүк тополоңунун аягы барып сары баштарга такалган күндө да, сен аягына чыгарасың деген чооң ишеним калды", - деп жазды Шамурза Борукулов.