Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Нур-Султан шаарында «Mudarabah Capital» каржы пирамидасына акча салган Багила Досмаилова ИИМдин имаратынын алдында өзүн өрттөдү. Ал каржы пирамидасына козголгон кылмыш иши бат эле жабылып калганын айтып, анын өлүмүнө Алматы полициясынын жетекисинин орун басары Рустам Абдрахманов күнөлүү болорун айткан.
Өзүн өрттөгөн аялдын видеосу интернетке кечээ, 11-апрель күнү жарыяланды. «Orda.kz» маалымат агенттиги жазгандай, Досмаилова каржы пирамидасына 20 млн тенге салган. Учурда каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

(Видео) https://t.me/centralasiamedia/2727

Досмаилова вайнерлер Мейржан Туребаевди жана Мейирхан Шерниязовду да жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Аталган вайнерлер бул иш боюнча шектүү катары суралып жатат. Алар 3 млн тенге күрөө берип, камактан чыгышты.
«Менин өлүмүмө Рустам Абдрахмановду күнөлүү деп табууну суранам, ал козголгон кылмыш иши ИИМге өтүп кетпеши үчүн ишти жабууга шашылып жатат», - деп жазган Досмаилова социалдык тармактагы баракчасында.
Ал ошондой эле полиция кызматкерлери соттук-экономикалык экспертизанын кызматкерлерине басым көрсөтүп жатканын белгиледи.
Ал эми Рустам Абдрахманов кечээ, 11-апрель күнү кечинде Фейсбуктагы баракчасына ишти сотко өткөрүп берүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын, 14 адам шектүү деп табылганын жазды.
«Алардын ичинен экөө эл аралык издөөгө алынды, 6 шектүү камакта, үчөө күрөө берип камактан бошотулду, дагы экөө үй камагында, бирөө эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду», - деп жазды Абдрахманов.
Буга чейин 8-апрелде каржы пирамидасынан жабыркаган адамдар Алматыдагы полициянын алдына чогулган. Алар ишти ИИМге жана Нур-Султандын полициясына өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Ошондой эле Алматынын полициясы тергөөнү адилетсиз жүргүзүп жатканын айтышкан.

Булак: Баракелде