Мектеп окуучуларын тарбиялоо жана татыктуу билим берүү максатында сабак учурунда же, сабактан сырткаркы убакта бейбаштык кылган, мугалимди сөккөн, мазактаган жана жүрүм- туруму аркылуу жаман өрнөк болгон окуучуларга, алардын ата - энесине 3000 сомдон жаза колдонулушу мүмкүн. Коомчулук талкууга алган маселелердин бириси да, ушул. Мектептерде бейбаш балдардын жоругунан жумушун таштап кеткен мугалимдердин саны көп. Эгер коомчулук талкуулаган сунуш колдоо тапса, бейбаш балдарды тарбиялоого биртоп жеңил болот.
Источник: apta.kg