Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

Бир жарым ай мурун дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан казак аскердин сөөгү Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» маалымат порталы Telegram-каналына жарыялады.

2-март күнү Жамбыл облусундагы «Андас баатыр» чек ара отрядында кызмат өтөгөн 18 жаштагы Улыкбек Бердишов дайынсыз жоголгон. Буга чейин Казакстанда изделип, бирок натыйжа чыккан эмес.

Эки күн мурун кыргыз чабан казак аскер формасынын айрындыларын таап, Казакстандын чек арачыларына кабарлаган. Көп өтпөй, аскердин сөөгү табылып, жакындары тааныган.

Атасынын айтымында, уулу эки күндүн биринде эле чалып, акча сурап турчу.

 Кыргызстандын тоолорунан казак жоокеринин сөөгү табылды

Булак: maralfm.kg