Печать
Категория: Коом
Просмотров: 353

Атамбаевдерге айла жок экен. Алмаз Атамбаев бийликте турган кезинде калпты чындай урдуртуп, оозуна келгенди балп эттирип, айткан, дегендерине отчет бербей келген болсо, эми анын уулдары, жакын санаалаштары ойлоруна келгенди оттошуп, жалгандарды айтышып, жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп жаткан мурдагы президенттин абалын жеңилдетүү  максатында аны саясаттын курмандыгына айлантуу менен алек болушууда.  Алардын калптарына  ишене турган болсок, анда Алмаз Атамбаев кристаллдай таптаза, кымындай күнѳѳсү жок, болгону саясаттын курмандыгына айланган  адам болуп чыгат. Депутат уулу Сеид Атамбаевдин айткандары боюнча, азыркы соттор С.Жапаров менен К.Ташиевге кѳз каранды болуп, алардын айткандарын аткарып атыптыр. Бирок мындай сандырак, былжырак сѳздѳргѳ Атамбаевчилер эле ишенбесе, башка ким ишенет? Же кайра кайра айтып, дей берсек, эл калпты да чындыктай кабыл ала башташат деп ойлошобу? Соттор кимдердин убагында кѳз каранды болушуп, саясий буюртмаларды аткарып калышканын, Акүйдүн буйрутмасын аткарбаган соттор дароо кызматтарынан бошотулуп, куугунтукка алынып тургандарын Сеид Атамбаев билбейби? Албетте, жакшы билет. Ошол кезде каякта эле? Бер тырмарлыктын, наадандыктын, эки жүздүүлүктүн деле чеги болушу керек го!

Албетте, бүгүнкү соттор жогорку бийликтин кѳрсѳтмѳлѳрүн аткарып атат деген «суу кечпеген» сѳздѳр. Андай болсо абакта жаткан ондогон саясатчылар, активисттер  бошотулуп, үй абактарына чыгарылбайт эле. Соттор мыйзамга таянышып, ошондой чечимдерди чыгарышты. Ал үчүн Атамбаевдин кезиндегидей эч бир сот кызматтан алынып, же куугунтукталган жок. Атамбаевчилердин эле апыртмалары болбосо, ушул кезге чейин соттордун  С.Жапаров менен К.Ташиевге  кѳз каранды болуп калгандыгы боюнча коомчулукта сѳз дагы, факт дагы жок. С. Жапаров ыңгайы келген жерде сотторго кайрылып, мыйзамга таянып чечим чыгарууга, эч кандай буйрутма, кѳрсѳтмѳлѳрдү аткарбоого чакырып келатат. Атүгүл С.Жапаров убагында куугунтуктап, азапты берген А.Атамбаевди кечиргенин, андан ѳч алууга эч кандай ниети жоктугун билдирди. Ѳз уулунун ѳлүмүнѳ түздѳн түз себепчи болгон адамды кечирип, айкѳлдүк кылган адамдын куугуктуктар үчүн мурдагы президентти кечиргенине ишенбей коюуга болбойт. Мында болгону  Атамбаевчилер  «А.Атамбаев саясаттын курмандыгы болууда, бийлик андан ѳч алууда» деген эски «ырын» ырдагандан чарчабай коюшту. Буга чейин Атамбаевдин абакта жатканына С.Жээнбековду күнѳѳлѳп келишсе, эми С.Жапаров менен  К.Ташиевди күнѳѳлѳгѳнгѳ ѳтүштү. А бирок Алмаз Атамбаев саясат, маясаты жок эле ѳзүнүн ири коррупциялык, афералык, антиконституциялык, антиэлдик кылган кылмыштары үчүн темир тор артында олтурганын, ал ѳмүрүнүн аягына чейин абакта олтурса да аздык кыларын атамбаевчилер, айрыкча Сеид Атамбаев качан аңдап, түшүнѳт? Ошон үчүн ал кѳптѳгѳн кылмышкерлер сыяктуу эле жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп, кылган кылмыштарына мойну менен жооп берүүдѳ. Андыктан  А.Атамбаевдин бет тырмарлыктарын, артисттик кылык-жоруктарын пайдалануу менен анын ишине саясий түс берүү, аны саясаттын курмандыгына айландыруу  аракеттеринин кереги жок. Кеп соттордо, саясатта эмес, кеп Алмазбек Атамбаевдин кылган кылмыштарында…