7-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги мүчөлүгүн убактылуу токтотту. Бул чараны 93 мамлекет колдоп, 24 мамлекет каршы чыкса, 58 мамлекет добуш берүүдөн карманды.
Алжир, Беларусь, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго Демократиялык Республикасы, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам, Зимбабве — каршы добуш берди.
Добуш берүүдөн кармангандар: Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Мексика, Египет, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Катар, Кувейт, Ирак, Пакистан, Сингапур, Таиланд, Малайзия, Монголия, Индонезия жана Камбоджа.
Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу демилгесин америкалык сенаторлор көтөрүштү. 28-марттагы катында АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин мүчөлөрү (сегиз демократ жана төрт республикачы) Орусиянын Украинадагы аскердик операциясынын фонунда президент Жо Байденге ушундай кайрылуу жасашкан. Ушундай эле кайрылууну Британиянын тышкы иштер министрлигинин башчысы Лиз Трасс жасады.
«Согуш кылмыштарынын күчтүү далилдерин» эске алуу менен Орусия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү бойдон кала
албайт, деп жазды ал өзүнүн «Твиттер» баракчасына.
Булак:Баракелде