Печать
Категория: Коом
Просмотров: 274

Уккан кулак сүйүнсүн! Буга чейин  айтылып келгендей, 1-апрелден тартып кээ бир  тармактардын кызматкерлеринин маяналары 50-100 %га көбөйтүлгөнүн президент С. Жапаров социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин катышуусундагы жыйында айтты. Ачыгын айталы, буга дейре деле айлыктар көбөйтүлүп келген. Бирок арзыбаган сумма кошулгандыктан, алар инфляция деген нерседен улам билинбей калчу. Бул жолу  маяналарга теӊме теӊ кошулуп, айлыгы көбөйгөндөрдүн кубанычтарында чек жок. Бюджеттик кызматкерлердин айлыктары минтип 50-100 %га  көбөйүүсү биринчи жолу болуп атат.

Жыйында өлкө башчысы кимдердин айлыктары канчага көбөйгөнүнө токтолду. Президенттин айтканына ишенсек, эми Аламүдүн районунун 10 875 сом алып келген китепканачысы 1-апрелден баштап 21 845 сом ала баштайт. Нарын облустук тарыхый-энографиялык музейинин улук илимий кызматкери 33 миӊ 222 сом, Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актеру 28 239 сом,  9 миӊ сом алып келген Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасынын  башкы китепканачысы 20 444 сом ала баштайт. Көрүнүп тургандай, маяна 100 %га көтөрүлгөн.

Мындан сырткары, президент Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айлыктары 2 эсеге, саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердики 50 %га көбөйтүлгөнүн белгиледи. Эгерде Сузак районундагы №15 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери 17 500 сом алып келген болсо, эми мындан ары 25 718 сом ала баштайт. Жалпы болуп 300 миӊден ашык кызматкердин айлыгы сезилерлик өлчөмдө  көбөйдү.

Эӊ башкысы, апрелден тартып  мугалимдердин айлыктары 100 %га жогорулады. Бул чыны менен зор окуя. Акыркы жылдары мугалимдерге көӊүл бурулбай, мугалимдерибиз арзыбаган айлыктарды алышып, анын натыйжасында мугалимдик кесиптин баркы кетип, мугалим болгусу келгендер кескин азайып, билим берүүнүн сапаты начарлап, жалпы билим берүү тармагы оор абалга кептелген эле. Эми мугалимдердин айлыктарынын көбөйүүсү менен кырдаал оӊ жагына өзгөрүп, мугалим болууну каалаган жаштардын катары артып, билим берүүнүн сапаты жакшырат деген ишеним чоӊ. Мамлекеттин келечеги анын билимдүү жаштарынын колунда. Ал эми билим берүүнүн сапаты  мугалимдерден түздөн түз көз каранды. Мамлекеттин мугалимдерге өзгөчө  көӊүл буруп жатканы  кубандырат.

Не дейбиз, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү эӊ ириде  жарандарынын кирешеси көбөйүп, айлык-маяналарынын жогорулаганынан көрүнөт. Айлыктардын көтөрүлгөнү – бул бюджеттин киреше бөлүгү көбөйүп, ал айлыктарды жогорулатууга мүмкүндүк берип атканынан кабар берет. Бюджетте акча болбосо, кайсы каражаттын эсебинен маяналар көбөйтүлөт? Демек, өлкөбүздүн экономикалык, бюджеттик саясаты туура нукта кетип бараткан экен. Көбөйтүлгөн айлыктарды  ээлерине  кут кылсын! Бул күндү көптөр көптөн  күтүштү эле. Бул башталышы гана болсун дейлик. Мындан ары да  бюджеттин кирешеси артып, анын далили катары маяналар, пенсиялар, жөлөкпулдар көбөйтүлө берсин.