Печать
Категория: Коом
Просмотров: 442

Ош шаары туристтерди эмнеси менен кызыктырат? Биринчиден байыркы шаар экендиги, Сулайман тоосу ЮНЭСКОнун тизмесинде тургандыгы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Ошого жараша шаардын инфраструктурасы, санитардык абалы, эс алуу – сейил бактары заманбап, талапка ылайыктуу болуусу шарт. Ошто Самарканд, Бухарадагыдай байыркы имараттары жок болгондуктан шаардын ыңгайлуулугун, көрктүүлүгүн өркүндөтүшүбүз зарыл.
   

Ош шаарына келген туристтердин маршрутун байкап турсаң, биринчи Сулайман тоосуна чыгат, тоону кыдырып түшкөндөн соң “ Алымбек датка сейил багы” , Араван кичи районундагы  “Пионер сейил багына” токтолуп,  “А.Навои эс алуу багын” көздөй түшүп кетишет. Ошондуктан ушул аталган жерлерди көрктөндүрүп, талапка жооп бергидей оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек.
2013-жылы “Алишер Навои атындагы эс алуу багы” - “Балдар келечеги” ЖЧК ишканасына ижарага берилгенден кийин эс алуу бактын 50 пайыздан ашык бак-дарактары кыйылып кетти. Азыркы күнгө чейин таш боордук менен бак-дарактарды кыюу улантылып жатат. Кыйылган дарактардын ордуна тар жерлерге катары менен аттракциондор орнотулду. Башкача айтканда, базарга контейнер орноткон сыяктуу жайгаштырылды. Эс алуу бакта ызы-чуунун үнү нормадан 3-4 эсе ашып кетти.
Навои багынын жалпы аянты беш гектарга жакын. Ушул беш гектарга жетпеген жашыл аймакта 35 аттракцион, 45 киоск - балмуздак-суусундук, тамак-аш сатылуучу дүкөндөр жана башка ушул сыяктуу тейлөө түйүндөрү бар. Андан тышкары 7 коомдук тамактануучу жай, 3 ажаткана, спорт сарайы  жайланышкан. Аттракциондор 20-30 миңден, дүкөндөр 5-10 миңден, ашканалар 30-40 миңден ижара акы төлөйт. Базар экономикасы деп эле башаламандыкка жол берип, баары-жокко кол шилтеп койгонубуз жарабайт. Илимий көз карашка таянганыбыз абзел. Аттракциондордун, дүкөндөрдүн жарымын алдырып, бак өстүрүп, талапка жооп бергидей реконструкциялоо зарыл.
Навои бак менен футболдук академиянын аралыгындагы жашыл аймак жайдын күндөрү суугарылбай, дарактар куурап, кароосуз калып жатат. 2015-жылы 1-2 январь күндөрү элдин баары дем алышта болгондо, отуз жылдык тарыхы бар байтеректүү бактан жүздөн ашык байтеректер кыйылып, тамырынан бери омкорулуп, тегизделип, эч бир дарак кыйылбагандай түргө келтирип коюшту. Бул жашыл аймакты да оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жакшылап кароо зарыл болуп калды.
Навои бакты аралап жогору чыкканда Ош областтык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын короосу да кейиштүү абалда. Бирде базар, бирде автостоянка болуп турат. Филармония болгонуна жыйырма жылдын жүзү болсо да, жарытылып көчөт эгилип, жашылдандырып-көрктөндүрүү үчүн аракеттер көрүлбөй жатат. Отургучтар жокко эсе. Маданий жер болгондон кийин жакшынакай отургучтар орнотулуп, дарактар өстүрүлүп салкын, ыңгайлуу болуусу шарт. Кыргызстан, Семетей кинотеатрларынын айланасын көрсөңөр бак-шактуу болуп жаркырап калды. Филармония да Кыргызстан, Семетей кинотеатрларынан үлгү алса жакшы болмок.
Эми Сулайман тоосунун боорундагы Курманжан-Датка Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги  “Пионер сейил багын” карайлы. Дарактар кыйылганы кыйылып, калгандары картайып баратат. Дарак көчөттөрүн отургузуп, жашылдандырып, эки жагын автоунаа кирбей турган кылып тосуу керек деп, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековго арыз жазып кайрылдым. Көңүл бурулбай, майнап чыкпай жатат. Бул “Пионер сейил багынын” жерлери ЮНЭСКО белгилеген жерлер болуп саналат. Эмне үчүн кароосуз калып, жашылдандырылбай жатканы таң калыштуу.
Келечекте Сулайман тоосун тегерете Г.Айтиев, А.Навои, Алебастров көчөлөрү менен айланма тротуар курулса жакшы болмок. Азыркы Г.Айтиев көчөсүндөгү тротуарды улантып, айланма тротуар төшөлүп, Сулайман тоонун күн батыш тарабын Навои көчөсү жакты да оңдоп-түзөп көрктөндүрүү керек. Тротуарды бойлото мажүрүм талдар өстүрүлсө андан жакшы болот. Эрте жазда мажүрүм талдар көктөп, Сулайман тоосунун айланасын көрккө бөлөп турса, кандай керемет көрүнмөк. Ош шаары илгертен Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясы, мажүрүм талдары менен даңазаланып , Оштун символу болуп келген. Сулайман тоосу турат, Ак-Буура дарыясы агып жатат. Мажүрүм талдары жетпегенсип турат.
Эсимде, 2007-жылы “Көк-Мөңгү” газетасына “Ош шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу колго алынбай жатат”- деген макала жазганмын. Андан бери арадан он жылдан ашык убакыт өттү. Ой-сунуштарым реалдуу экен, азыр Ош шаарында 9-12 кабаттуу турак үйлөрдүн саны элүүдөн ашты. 
Жогоруда көрсөтүлгөн ой-сунуштарым да ишке ашырылса – абдан жакшы шарттар түзүлүп, туристтердин агымы он эселеп арбыйт болчу. Ош шаары туристтик шаарга айланышына чоң ишеним бар. Ал үчүн ушул багыттагы жакшынакай долбоорлорду ишке ашыруу зарыл.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл