Министрлер кабинетинен Kaktus.kg'ге билдиришкендей, май айындагы майрамдарга байланыштуу 1-майдан 9-майга чейин эс алуу сунушталууда.
Эске салсак, 1-май күнү өлкөбүздө Эмгектин эл аралык күнү белгиленет.
2-майга, алдын ала эсептөөлөр боюнча Орозо айт туш келип калууда.
3-май дем алыш күн болот себеби, 1-май майрамы жекшембиге туш келип, дүйшөмбү күнгө жылат.
5-май Конституцияны кабыл алган күн.
9-май Жеңиш күнү.
7- жана 8-май ишемби менен жекшембиге туш келип калат.
Бул күндөрдүн ичинен 4- жана 6-май гана иш күндөр болуп саналат. Бирок министрлер кабинети аны апрель жана май айындагы ишемби күндөргө жылдырып салууну сунуштап, 30-апрелде жана 14-майды иш күн кылып жарыялашты.
Булак: kaktus.kg