Ар дайым адам жашоосу, өмүр жолу үчүн күрөшүп, саламатчылыктын сакчылыгында сак турган КР саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы хирургу, Улуттук госпиталдын кан-тамыр бөлүмүнүн башчысы, КР саламаттыкты сактоонун отличниги, кыргыз медицинасынын эң көрүнүктүу өкүлдөрүнүн бири Таалайбек Байсекеев жетектеген бөлүмдүн дарыгер-медайымдары кан-тамыр оорулары боюнча кайрылган жуздөгөн адамдарды дарылап айыктырып, алардын алкыштарын алып келишүүдө.
Республикадагы бирден бир кан-тамыр бөлүмү жөнүндө учкай маалымат бере кетсек. 1991-жылы биринчилерден болуп, республикалык оорукананын ичинен академик Мамбетакун Намазбеков республикалык кан-тамырлар хирургиялык борборун ачкан. Учурда Улуттук госпиталдын кан-тамыр ооруканасына келип, алгач катардагы дарыгер, андан соң ак халатындай ак дили менен нечендеген операцияларды ийгиликтүү жасап, ар бир оорулуунун шыпаасын таап, кан-тамыр боюнча жогорку адис катары жана адамдык бийик сапаты менен 2009-жылдан бери бөлүмдү Таалайбек Байсекеев жетектеп келүүдө. Таалайбек Абдыбекович терең билимдүүлүгү менен гана айырмаланбастан, сергектиги, токтоо сабырдуу мүнөзү, жөнөкөйлүгү менен белгилүү. Дарыгерди Бишкек шаарынан сырткары алыскы аймактардан бери издешип, айрымдары жолдомо менен келип, дарыгердин жеңил колу менен жасалган татаал операциялары менен таза сакайып кетишүүдө. Бөлүмдө кан тамыр хирургиясына жанын берген дасыккан дарыгерлер Алмаз Кыдырбаев, Болот Сатаев, Богдан Галай, Абдыгул Дүйшеев, Жунусаалы Акышев, ага медайым Гүлназ Исраилова, медайымдар Дамира Сааданбекова, Гүлниса Абдылдаева, Ырыс Жээнбековалар эмгектенип келишет.
КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Ардак грамоталары бир нече сыйлык-сыймыктын ээси, бийик талантуу, алтын колдуу чебер хирург Таалайбек мырзадан өз иштери боюнча маекке тартык.
- Таалайбек Абдыбекович, учурда варикоз деген оору кеңири жайылып, жашарып бараткандай. Окурмандарга “варикоз” деген эмне, адам ал ооруга чалдыгып калса айыктыруунун кандай жолдору бар?
- “Варикоз”- грек тилинен которгондо “кеңейүү” дегенди билдирип, веналык кан тамырлардын кеңейип кетишин түшүндүрөт. Варикозго кабылган адамдын кан тамырлары жана анын капиллярлары шишип, көгөрүп чыгып, оорунун белгилерин көрсөтөт. Варикозду дары-дармек менен айыктырууга болбойт. Андан операция жолу менен гана арылууга мүмкүн. Операция убагында жабыркаган гана аймак кесилип, кесилген учтары ички кан тамырга туташтырылып коюлат. Тери астындагы кан тамыр аркылуу денедеги кандын 15-20%ы гана өтөт, ал эми негизги бөлүгү ички кан тамыр аркылуу жүрөт. Андыктан операцияларды ийгиликтүү жасап жүрүшкөн биздин дарыгерлерден кам саноонун зарылчылыгы жок.
-Варикоз оорусунда “тромб” көп кездешет экен. Тромбду кандай түшүнсөк болот?
- Варикоздо “тромб”- уюган кан пайда болот. Ал көпчүлүк учурда варикозго чалдыккан кан тамырда болот. Эгерде кан тамырда тромб пайда болсо - ал жылып отуруп өпкөгө келип такалат. Андагы тешикчелердин бирин жаап калган шартта тез жардамга муктаж болуп кийин акылынан же майып болуп калышы мүмкүн. Тромбдун диаметри канчалык чоң болсо, ал ошончолук коркунучтуу. Ошондуктан варикоздун пайда болоору менен тийиштүү дарыгерлерге кайрылып, оорунун алдын алуу бейтаптын өзүнүн ден соолугуна кам көрүү дегендике жатат.
- Ал эми атеросклероз оорусунун пайда болушу, кандай адамдар ооруйт, анын өөрчүшү жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
- Атеросклероздун пайда болушунда липид майынын алмашуусунун бузулушу, артерия кан басымынын көтөрүлүшү, кандын уюшунун бузулушу, ошондой эле социалдык-коомдук факторлор, кайгыруу, стресс абалдары атеросклероздун пайда болушуна алып келет. Бул оору менен толук адамдар, кара күч менен аз иштегендер көбүрөөк оорушат. Тукум куучулук, улуттук өзгөчөлүктөр да таасир этет. Атеросклероздогу өзгөрүүлөр эң алды чоң күрөө тамырдан башталат.
- Атеросклероз оорусун дарылап, айыктыруу жагы сиздерде кандай?
- Атеросклероз оорусун дарылап, айыктыруу жагы боюнча бизде терең билимдүү дарыгерлер жана бардык шарттар бар. Мындан сырткары дарылоо үчүн жашоо тиричиликтин рационалдуу өзгөчө роль ойнойт. Адамдын жашына жана жалпы абалына жараша булчуңдарды активдүү иштетүү зарыл. Улгайган кишилерге гигиеналык жана дарылоочу гимнастика (дарыгердин кеңеши боюнча), жөө басуу, таза абада көбүрөөк жүрүү пайдалуу. Малдын майын жана холестеринге бай тамак-ашты, таттууну аз жеш керек. Өсүмдүк майын, жашылча жемишти көп пайдалануу сунуш кылынат. Атеросклероз менен ооруган адамдар катуу капаланууга, тамеки тартууга, спирттик ичимдик ичүүгө болбойт, жакшы уктоого тийиш. Мезгили менен санаторияга барып дарыланып туруусу зарыл. Эң башкысы атеросклероз оорусу пайда болгон дароо дарыгерлерге кайрылуусу керек.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл