Печать
Категория: Коом
Просмотров: 423

8 жашынан бери боло турган окуялар тууралуу аян алган, жок жоготкондорго жардам берген, кекечтерди сүйлөтүп, бир канча адамдарды оор дарттан айыктырган, оозуна сала бергендей айтканы туура келген касиети күчтүү Нуриза апа менен баарлашып, айрым суроолорубузга жооп алдык.

“8 жашымдан бери аян алдым...”

- Кудайдын кудурети менен 8 жашымдан баштап, аян алдым. Эртең менен туруп эле “чоң апа, бирөөлөр баланча кишинин ичин жарып, ичегисин алып жатыптыр”- десем эле раматылык чоң апам: “эч кимге айтпа, оозуңдан чыгара көрбө” деп жалынчу. Анткени, мага түшкөн аяндан кийин ошол киши дүйнөдөн кайтчу. Айтор, бала болсом да айткандарым төп келип, атым алыска, даңкым далайга жетти. Ошондон уламбы Таласка мага жолугуш үчүн алыстан келгендер көп болду. Тырмактайымдан эле атактуу болдум. Айтор, жок жоготкондорго, карайлап жол таппай тургандардын көбүнө Алладан түшкөнүн  айтып, абалдан чыгышына жардам  бердим. Түшүмдө бүркүт келип, Манас атамдын үкүсүн берип кетти. Ошондон кийин кимге үкү берсем, иши оңолуп, максатына оңой жеткенин байкап калдым. Үкүнү да өзүм эле билип бере бербейм. Алла таалам дилиме салып,  бер деген кишиге гана берем. 
Бир сапар мэрияга майып баламдын иши менен бардым. Ал кезде Нариман Түлеев мэр болчу. Жанымдагылар менин ага касиетимди айтышты. Болушунча макташты. Нариман Түлеев  тамашалап  “президент боломбу, үкү бер” деди. “Президент болбойсуң, сага үкү бербейм”- деп чорт сүйлөп койдум. Чынында берешен, майыптарга жардам берген, карапайым адамдарга кезек менен үй берген системаны киргизген иштин көзүн тапкан жетекчи болчу. Ал кетер менен ал система жоголду. 

“Манас атам колума орок бергенде көп саясатчы камалган”

- Бир сапар Манас атам колума орок берип кетти. Ошондон кийин бир канча саясатчы камалды. Көрсө, Манас атабыздын арбагы мезгили келгенде аша чапкандарды өзү эле ордуруп, каматып, жазалап коёт экен. Ошондон кийин элдин эсебинен байып, элдин жонунан кайыш тилгендер баары бир жазаланаарына, ал турсун Кыргызстанга келүүгө зар болуп, качкын болооруна бөркүмдөй ишендим.
Учурда Манас атабыздын руху ойгонуп, доор алмашып жатат. Ошон үчүн ниетти оңдоп, багытты түздөп, напсини тыйып, барына шүгүр кылышыбыз керек. Кара курсакты, жеке кызыкчылыкты эмес,  элди ойлой турган мезгил келди. Жооптуу кызматты аркалап жаткан чиновниктер жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп, капчыгын кампайтуу менен алек болуп жатса, ченебей азап тартышат. Манас атабыздын руху ала салдырып, азаптан башын чыгартпай коёт. Ошон үчүн чиновниктер   чын дили менен мамлекет үчүн иштеши керек. 

“Эки досту эч ким ажырата албайт!”

- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди Манас атанын арбагы колдойт. Эки досту эч ким ажырата албайт. Азыр абалды татаалдаштырыш үчүн эки достун мамилесин суутабыз деген аракеттер жүрүп  жатат. Бирок, алардын тилеги ишке ашпайт. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кудай кошкон. Буларды пенде эмес, Кудай гана ажыратат. Буюрса, эки дос жакшы иштейт. Чиеленген маселенин көбүн чечет. Армияны күчтөп, экономиканы жогорулатат. Мамлекетти көз карандысыздыктан чыгарат. Экөөндө тең Манас атамдын мүнөзү бар. 
Камчыбек Ташиевде Манас атанын айкөлдүгү бар. Ошон үчүн төгүлүп, чачылып, карапайым адамдардын башынан сылап, элге көп жакшылык кылат. Садыр Жапаровдо дагы Манас атамдын жакшы сапаттары бар. Ошон үчүн Кудай колдоп, президент болду. эл кыйналып, мамлекет жокчулуктун сазына батып баратканда президент болду. Эки дос оорукчан, карапайым адамдардын батасын алып, ошолордун орчундуу маселелерин чечсе, иштери мындан да илгерилейт. Таасирлери артат. Элдин ишеними ого бетер жогорулайт. 
 
“Кансыз согуш болуп, каза болгондор целлофанга салынып көмүлөрүн билгем”

- Коранавирус болоордон мурун “согуш болбойт, бирок өлгөндөр көп болот. Алланын амири менен самолёт учпай калат, каза болгондор целлофанга түйүп көмүлөт”- деген аян алдым. Жакамды кармап, “Кудай өзүң сактай көр” деп кооптонуп, учурда ааламды каптаган пандемия башталып, дүйнө жүзүн санаркаткан жагдай жаралды. Ооруканалар толуп,  миллиондогон адамдар өлдү. 
Бир сапар Казакстанга  алып барышты. Бараар замат “ал үй-бүлөнү кырсык торуп турат” деген аян келди. “Күйөө балаңар кырсыктайт. Кан чыгаргыла”- дедим. Айтканымдай эле кырсыктан күйөө баласы аман калып, жолдогу мас орус каза болду.  
Айтмакчы, Казакстанга барганда “силерден алысыраак жакта, ок атылып, эл көтөрүлүп, ызы-чуу болот деген белги түшүп жатат”- дедим. Андан көп өтпөй эле Казакстанда дүйнө жүзүн көңүлүн бурган, будуң-чаң түшкөн окуя болуп кетти. 

“Садыр Жапаров депутат боло электе “президент болот” деп айткам”
-  Мага эбак эле “Көлдөн президент болот” деген аян келген. Бирок, ал ортодо Сооронбай Жээнбеков президент болду. Ошондо көптөр “Көлдөн эмей эле Кара-Кулжадан президент болуп калды” дешти. Бирок, үч жылдан кийин күтүлбөгөн жерден  Садыр Жапаров президент болду. 
Негизи мен Садыр Жапаров депутат боло электе эле “ушул жигит президент болот” деп айткам. Көптөр “президент эмес, депутат болсо сүйүнсүн” деп, мыйыгынан күлүшкөн. Турмуш чындыгында тагдырдын оор сыноолорунан өтүп Садыр Жапаров президент болду.
Эгер Садыр Жапаров баштагы позициясынан тайбай, эл үчүн иштеп, аны жолдон адаштыргандардын тилине кирбесе, 10 жыл былкылдабай президент болот. Эгер  чалма жайган топтун чалмасына чалынып, өз алдынча бийлик жүргүзө албай калса, анда мөөнөтү азаят. Эгер чалма салган топтун чеңгелинен силкинип чыгып кетсе, узак жыл президент болот.
Негизи Садыр Жапаров мекенчил, элим деген ак жүрөк жигит. Болгону учурда кадр тандоодон жаңылып, эл иренжиген адамдарды жооптуу кызматтарга коюп алды. Эрте күндү кеч кылбай, ойду-тоону айткандарына  ишене бербей тегерегин тазалап, жумшак болбой, бекем болушу керек. Арстандан айбаттуу, жолборстон жүрөктүү болсо, келечекте дүйнө жүзүн Кыргызстан башкарган мезгилге жетебиз.  
Бирок, президент ылдый жактагы маселелер менен алек болбой жогору чыгып, ылдый карашы керек. Камагандан өйдө болуп, позициясына карабай ынтымакка чакырышы керек. Элде ынтымак болсо, ырыс, дөөлөт өзү келет.  Болбосо бири камап, экинчиси актанып отура берет. 

“Чек арадан коркунуч келип жатат”

- Баса, жай баракат жашоого кирип кетип, чек арадагы маселелерди унутуп калбашыбыз керек. Чек араны бекемдебесек Кыргызстанга чек арадан коркунуч туулуп жатат. Ичи жаман адамдар чек арадан  чуу жаратышы мүмкүн. Ошон үчүн чек ара маселесин чечип, чычкан өтө алгыс кылып, бекемдешибиз керек.

Арина Рысбаева
P.S. “Илдеттен арылам, жолумду ачтырам, келечегимди билем” дегендер болсо, Нуриза апага 0559743774 номери аркылуу байланышса болот.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл