Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

- Мелис агай, коюлган “КР айрым мыйзам актыларына оюн-зоок ишмердүүлүгү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул маселе боюнча оң да, терс да пикирлер айтылууда. Акылбек Жапаров “кумарканалар ачылса Кыргызстандыктар ойнобойт” дептир. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-  Мен коомдук талкууга коюлган “КР айрым мыйзам актыларына оюн-зоок ишмердүүлүгү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун колдойм. Кыргызстанда казинолор 2012-жылга чейин иштеп эле келген. Ага ар бир жаран кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп башташкан. Алардан миллиондогон акча талап кылышып, кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтып, макул болбой койгон соң мыйзам менен тыйып салышкан. Ал эми 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Ошентип, ишкерликтин кирешелүү булагы болгон бир чоң тармак талкаланган.
Адистердин айтымында, кумарканаларды жаап салгандан кийин деле укук коргоо органдары жыл сайын он чакты жашыруун иштеп жаткан кумаркананы табышат. Аларда нечен миллиондогон акчалар айланат, бирок, казынага бир да тыйын түшпөйт.
Ачыгын эле айтыш керек, бул мыйзам долбоору инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Азыр бардык мамлекеттер ушундай аракеттерди көрүп жатат.
Анткени, өзүңөр билесиңер, дүйнөдө экономикалык активдүүлүк жана өз ара соода кыскарды. Көп өлкөлөрдө калктын кирешелери төмөндөдү, жумушсуздук өстү. Бул көйгөй бизге да келиши мүмкүн. Ошондой эле, тышкы карызыбыз 5 млрд АКШ долларына жакындап калды жана негизги карызды төлөөнүн туу чокусу 2022-2023-жылдарга туура келерин унутпайлы. 
Албетте, казинолордон бюджетке канча каражат түшөрүн алдын-ала так айтуу кыйын, бирок, экономисттер бул көрсөткүч бир нече миллиард сомду түзүшү мүмкүн, мындан тышкары, 20 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт деп эсептешет. Мисалы, биздей эле кичинекей өлкө болгон Грузияда казинолор жана башка кумар оюндары бюджетке олуттуу киреше алып келет, инвестицияны жана чет элдик туристтерди тартууга жардам берет. Оюнчуларга сый акыларды кошкондо казинолордун жалпы жүгүртүүсү 1 миллиард АКШ долларын түзөт.
Бизде мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн каржы ресурстары жетишсиз. Дагы Кудайга шүгүр, Кумтөрдү өзүбүз иштетип, коррупцияга каршы реалдуу күрөшө баштагандан бери, экономикадагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият чөйрөсүнүн, социалдык тармактын кызматкерлеринин, укук коргоо органдарында иштеген кызматчылардын айлыктарын, пенсияларды жана калктын аялуу катмарларына төлөнүүчү жөлөк пулдарды 50 пайыздан 2 эсеге чейин көбөйтө алдык. 
Бирок өлкөбүздүн мындан ары карай өнүгүүсү үчүн мамлекеттик бюджетти толтуруучу каржы булактарын издеп таап, аларды натыйжалуу пайдаланышыбыз керек.
Алдыбызда жаңы мектептерди, ооруканаларды, маданият үйлөрүн, турак жайларды жана башка социалдык объектилерди, жаңы кубаттуу ГЭСтерди жолдорду куруу милдети турат. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы саамалыкты – Балыкчы- Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруп баштадык, аны аягына чыгарышыбыз зарыл. Булардан  башка да көптөгөн амбициялуу пландарыбыз бар. 
Ошондуктан биз ар кандай жолдорду издеп, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү, туристтик потенциалды олуттуу жогорулатуубуз керек. Менимче, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунда каралган инвестициялык лицензия абдан ыңгайлуу шарттарды сунуштайт. Бул абдан туура. Мисалы, ошол эле Грузияда казино ачуу үчүн инвестор 5 миллион лари (1,7 миллион доллар) өлчөмүндө комиссия төлөшү керек. Бизде да лицензия кымбат болушу керек, абдан кымбат болушу керек.
Грузиядагыдай толук кандуу оюн бизнеси бизде да толук мыйзам чегинде катуу мамлекеттик жөнгө салынышы керек. Казинолор курулуп, иштей баштаган бардык шаарларда жана айылдарда кумар оюн жайларын контролдоо боюнча  коомдук комиссиялар иштеши зарыл. 
Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлкөлөрдүн жарандары, туристтер гана кирип, кыргыз жарандары киргизилбейт. Президентибиз Садыр Нуркожоевич айтмакчы, "Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынган. Эгерде казиного кыргызстандыктар киргизиле турган болсо, анда ал кумаркананын лицензиясы алынат. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. 
Урматтуу достор, эмитен эле бул мыйзам иштебейт деген түшүнүктөн кетеличи. Мыйзамдын баары иштеши керек. Жоопкерчиликти президент баш болуп алалы. Ар бирибиз жоопкерчилик менен жашашыбыз керек.
Ал үчүн жакшы тарбия, билим, жакшы шарт керек. Ошондуктан үй-бүлөнүн ролу бекеринен айтылбайт. Үй-бүлөдөгү тарбиясы күчтүү, билими да күчтүү адамдар эч кандай азгырыктарга берилбейт. Андыктан маселе туура эле коюлуп жатат, себеби кумаркана көзөмөл алдында болот, ачык болот.
Казинолордун иштешине уруксат берүү тууралуу демилге ишкерлер коомчулугунан түшүүдө. Эмне үчүн алар азыр бизге казино керек деп жатышат? Анткени Кыргызстанга салык түшүп, жумушчу орундарды түзүш керек. Биз региондорду өнүктүрүшүбүз керек. Казинолор алыскы региондордо ачылса, ошол жактарда жакшы мейманканалар курулат, ресторандар салынат, инфраструктура жакшырат.