Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

- Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева тарткан сүрөт коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.

Бул сүрөттү мен абдан өкүнүү менен кабыл алдым. Мындай пастык деңгээлге эмне үчүн барып жатышат, түшүнбөйсүң? Аталган кыздын өз атасы убагында президент болгон. Жаманбы, жакшыбы, элге кызмат кылган. Ооба азыр бир топ экономикалык кылмыштар менен соттолуп, абакта жатат.

Ал эми Садыр Жапаров болсо, азыркы президентибиз. Анын башынан дагы көптөгөн кыйынчылыктар өттү. Бирок, аны Садыр мырза чоң кайраттуулук менен жеңе алды. Элдин купулуна толду. Тагдырына буюрган экен, өлкө башчысы болуп отурат. Анан калса “мен Атамбаевди кечирдим” деп отурат.

Атамбаев мырза Жапаров келгенге чейин эле соттолгон. Аны дагы бир топ кылмыштарга шектүү деп тергөө иштерин улантып жатышат. Ак болсо соттон утуп алат. Биз баарыбыз мыйзам алдында бирдей болуубуз керек. Өзгөчөлөнгөн адам болсо эле адилеттүүлүктүн өлгөнү! Анда коомубуз бузулуп, өлкөбүз кыйроого учурап калат. Саясатта ар кандай күрөшүүлөр болот. Ага чыдаган адам гана бара алат. Кажыбас кайрат, адилет жана иштерман болуп, өз элин чындап сүйсө, аны эл өзү эле төбөсүнө көтөрүп алат. Анан эле тиги кызыбызга окшоп өлкө лидерин мазактаган сүрөттөрдү тартып, бир эле өз элибизге эмес, бүт дүйнөгө шылдың кылып жатса, эмне деп айтуубуз керек? Бул адепсиздикти жана маданиятсыздыкты билдирет. Ата-эненин тарбиясынын жетишсиздигин айгинелейт. Муну менен бул кызыбыз жалпы эле кыргыз элин мазактап жатат деп билүүбүз шарт. Чынын айтсам, биз кыргызстандыктар, 30 жылдан бери эле саясий маданияттуулуктун талаптарына баш ийбей келебиз. Жеке эгоизмди элдин кызыкчылыгынан жогору коюп алган саясатчы сөрөйлөрүбүз толтура. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттарынан баштап катардагы чиновниктердин көпчүлүгү деле ушул күнгө чейин өздөрүнүн керт башын гана ойлоп жашап келишет. Трибунага чыгып алып, ойду-тоону сүйлөп тантырагандары канча? Муну тез арада токтотуу абзел. Өлкөбүз анархияга кептелип жатат. Мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт! Мениче тиги кыз өзү, же анын бир туугандары, энеси болушуп Садыр Жапаровдон кечирим сурап коюшса дурус болмок. Өтө эле одоно кетип калыптыр, чунак кыз! Уят эле!

Жалпылап айтсам, улуттук ар намысыбызды сактай албай, башыбызды бириктирген улут идеясын иштеп чыкпай, көрүнгөн ташты сүзгүлөп жүргөн кокуй эл болдук, го. Аттиң, качан монолиттей бекем улут болоор экенбиз? Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген ата-бабалардын ыйык осуяттары такыр унутулуп калды! Экс- президенттин кызы ушундай шерменде иштерди кылып жатса, эмне деп айтаарыңды деле билбей калат экенсиң?!

Булак: “Майдан. kg” гезити