Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Буюрса, үстүбүздөгү жыл коронавирустан кийинки оор абалга, орус-украин чатагына карабай Кыргызстанда бир топ эле экономикалык жактан алга жылыштар болот окшойт. Алардын бири катары “Балыкчы-Кочкор” темир жолун айтсак болот. Азыр бул жолду курууга даярдык иштери жүрүп жаткандыгын “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде жерди казуу жана алып салуу; шагыл менен кайра толтуруу; дренаждык жумуштар; темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдарды жайгаштыруу; жебе котормосун жайгаштыруу сыяктуу жумуштар аткарылууда. Жакынкы арада “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи да күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ. Учурда “Кыргыз темир жолу” УК” МИ тарабынан “Балыкчы - Кочкор -Кара-Кече” (186 км.) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн “БалыкчыКочкор” темир жолунун курулушун камтымакчы. Андан ары Кочкордон Жумгалга чейинки курулуштун экинчи этабы улантылат.

 Баарынан кубана турган жагдай, мамлекетибиз 30 жылдан бери сөз болуп келаткан ушул “кылым курулушун” өз демилгеси, жеке каражатына курууда. Эгер Бишкектен Жумгалга чейин темир жол курулуп калса, Кара-Кеченин көмүрү борборубузга арзан гана жеткирилбестен, келечекте эл аралык долбоор катары пландаштырылып жаткан Кытай-Кыргызстан-ӨзбекстанТүркмөнстан-Иран трансмагистралдык темир жолунун да бир бөлүгү болуп, Перс булуңуна чыгууга жол ачылып калар.

Булак: “Майдан. kg” гезити