Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек району жана бул аймактын Жаңы-Жер айыл өкмөтү Тажикстан менен чектешкендиктен, мурда жалаң эле кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан улам “таанылып” келген болчу. Жергиликтүү жашоочулар бул айыл өкмөтү эки өлкөнүн чектешкен аймагы болгондуктан, ар кандай мыйзамдуу, мыйзамсыз жүктөр аткезчилик жол менен өтүп тургандыгын да жакшы билишет. Ал эми мындай “операциялар” жергиликтүү бийлик башчылары же айыл өкмөттөрдүн көз жаздымында калбай тургандыгы бештен белгилүү эмеспи. Ким билет, ушул “кирешелүү” орун кимдирбирөөлөргө керек болдубу же башка да себептери барбы, кыскасы бир жума мурда алгач Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев, Бекжан Жалилов жана учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.

Бирок алардын ак жеринен камалгандыгына нааразы болгон 100дөй жердештуугандары менен тарапташтары Лейлек райондук прокуратурасынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Наарызылыкка чыккандар колуна “Набиев кетсин”, “Бостонов камалсын” деген плакаттарды кармап турушкан. Набиев болсо Баткен облусунун прокурору, ошол Жаңы-Жер айыл аймагынын кулуну болуп саналат. Бостонов болсо аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы. Жергиликтүү эл аны “Лейлектин Березовскийи...”,- деп коюшат.

Ал арада айрым кесиптештерибиз Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тикелери тууралуу Ютуб-каналда сюжеттер сериясын чыгарып жиберишти.

Анын эртеси күнү эле Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынды. Кызматтан кеткен прокурорлорго карата мындай чечим Лейлектеги жер чырына байланышкан окуядан улам кабыл алынгандыгын да Башкы прокуратура кошумчалады. Эми башкы көзөмөл органы эл арасында бир кезде кошуна мамлекеттин жарандарына ижарага берилип, кийин ошол бойдон аларга өтүп кеткен Кыргызстандын жерлери тууралуу да имиш сөздөргө тактоо киргизип койсо жакшы болмок. Себеби бул “жер мафиясына” да жогоруда аты аталган айыл башчыларынын аты аталып жүрөт...

Булак: “Майдан. kg” гезити