Өлкөбүздө соода кызыган да, акча айланган да жай бул – мал базарлар болуп саналат. Дээрлик ар бир айылда мал базар бар десек болот. Анткени айыл жашоочуларынын негизги кирешеси менен соода-сатыгы төрт түлүк мал болгондуктан, бирөө коюн, уюн же жылкысын сатат же алат. Аны эртеси күнү башка мал базарга алпарып, үстүнө бир аз акча кошуп сатат. Айтор мал базарлар иштебей калган завод, фабрикалардын милдетин аткарып, карапайым калкты расмий түрдө болбосо да жумуш менен камсыз кылып, бир чети экономикабыздын күрөө тамырын айлантып, акча жүгүртүүгө да кошкон салымы чоң.
Тилекке каршы ошол миллиондогон сом акчалар айланган мал базарлардын абалы өтө начар абалда. Кашаалары тосулбагандыгын айтпаганда да, ылай, чылча болуп, өзгөчө жамгыр же кар жааганда байкуш аларман жана сатармандар ачык асмандын астында уюн, коюн жипке байлап көл-шал болуп турушат. Ал эми ушундай “шарт” түзүп бергендигине карабай, мал базарлардын ээлери бир күндө эле жүз миң сомго чейин акы алышат. Ушул жумада мал базарлардагы шарттын жоктугу менен антисанитариялык абал Министрлер кабинетинин төрагасы - президентиин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров өткөргөн жыйында көтөрүлдү. Анда өкмөт башчы республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын кескин сынга алды.
“Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем”, - деди Акылбек Жапаров ачууланып.
Ошондой эле ал ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга жооп берүүсү зарыл экенин кошумчалады. Эми мал саткандар менен алгандардан күргүштөтүп акча базаркомдор А.Жапаровдун айткан сынына кантип жооп кайтарышарын бир айда көрөбүз...
Булак: “Майдан. kg” гезити