Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты. Үй Совет (Байтик Баатыр) жана Донецк (Сүйөркулова) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда. Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.
Булак: apta.kg