Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

Редакциядан: Өткөн саныбызда жарыяланган “КапиталБилдинг” ЖЧКнын баш директору Досжан Сайранбаев менен болгон маек коомчулукта чоң резонанс жаратты. Окурмандар негизинен министр А.Бейшеналиев менен Д.Сайранбаевдин тирешүүсү эмнеден чыккандыгына көп кызыгышты. Бул чырлуу окуянын чоо-жайы “КапиталБилдинг” компаниясынын эмгек жамаатынын башпрокурор К.Зулушевге жазган кайрылуусунда толук чагылдырылган. Өзүбүз айтып олтурбай, сөздү эмгек жамааттын өзүнө берели. Ал эми башпрокурор болсо алданып олтурган карапайым эмгекчилердин үнүнө кайдыгер карабастыр.

Дагы бир ирет белгилеп кетүүбүз керек, “Майдан” гезити ар дайым элдин үнүн чагылдырып келет. Ким болбосун, даражасына карабастан, карапайым элди эзүүгө акысы жок! Кайрылууга көңүл буралы...

 

Кыргыз Республикасынын

Башкы прокурору

К.Т.ЗУЛУШЕВге

 

Урматтуу Курманкул Токторалиевич,

Биз, “КапиталБилдинг” ЖЧКнын эмгек коллективи Сизге арыз менен кайрылуубуздун себеби төмөндөгүдөй:

Кечээ жакында Сиздин ММКларга берген маалымат жыйынында: “Региондук козутуулар боюнча жаралган жагдайлар тууралуу жазылган  арыздар сөзсүз каралат...” деп айтканыңыз биздин курулуш компаниясында иштеген жумушчулардын жактырып, колдоосуна ээ болуп, “мына эми мыйзамдар иштей баштайт экен...” деген үмүттөрүнө жол ачты.

Анткени, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиев ММКларга берген маалыматында “КапиталБилдинг ЛТД” ишканасы  тууралуу журналист суроо бергенде: “...ал дагы аферист, ал дагы таластык!” деп биздин жетекчинин жеке аброюна шек келтиргени аз келгенсип, жалпы таластыктарды кордоп, регионго бөлүп, компанияда жумушчу болуп иштеген карапайым таластык жигиттердин да кыжырдануусун туудурууга себепкер болду. Жумушчулар дагы БНИЦТОдо болгон окуялардан улам жаралган Талас элинин толкуган митингдерине кошулуп кете турган болгондо жетекчибиз токтотуп калды.

Эгерде, ушундай жогорку даражадагы мамлекеттик кызматты ээлеген министрдин элди регионго бөлгөн сөздөрү катардагы эле врачтарга жугуп, жалпы элге да  “Омикрон” вирусундай тарап кетсе өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө чон коркунуч жаратаары шексиз. Себеби, кечээ жакында, биздин коллективди быякта кой, өлкөбүздөгү жалпы курулушчуларды Улуттук госпиталдын Бөлүм башчысы, врач И.Дыйканалиев: “...курулушчулар шүмшүк, аферисттер экен...” деп ж.б. күнөөлөп, НТС телеканалына Урологиянын имаратын жаңсай көрсөтүп, интервью берди.

Төмөндө министр А. Бейшеналиевдин: “...ал дагы аферист, ал дагы таластык!” деп биздин жетекчини жазыксыз жерден каралап, кордогон сөздөрүнө  чындыгында ким аферист экендигин далилдүү фактылар менен тактап берели:

Биз иштеген “КапиталБилдинг ЛТД” жоопкерчилиги чектелген куруучулар коому буга чейин өлкөбүздөгү эл чарба обьектилерин куруу, оңдоо иштери боюнча көптөгөн иштерди бүткөрүп, элдин ыраазычылыгына татыктуу болуп келген. Биз ар кандай көз караштагы коомдук-саясий иштерге аралашпай, жалаң куруу иштери менен алектенип келдик. Булардан сырткары ШОСко даярдык көрүүдө мамлекеттик резиденцияда бир топ обьектилерди куруп, мөөнөтүнөн мурда жана сапаттуу деңгээлде тапшырдык. Узак жылдардан бери Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы протоколдук курулуш-ремонттук иштерди да аткарганбыз.

2020-жылдын октябрь айында Токмок шаарындагы 4 кабаттуу №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынын капиталдык ремонттоо жумуштарын ийгиликтүү бүткөрдүк. Медицина борборунун имаратын КР Өкмөтү тарабынан дайындалган комиссия текшерип, кабыл алып жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович менен биздин жетекчи жолуккан. Андан кийин Госстройдун мурдагы жетекчиси У.Кокочоров аркылуу Бишкектен жолугуп, Урологиянын имаратын оңдоо тууралуу сөз болуп, ошондо А.Бейшеналиев биздин жетекчи Д.Сайрамбаевге кайрылып: “Сиз жетектеген “КапиталБилдинг ЛТД” курулуш компаниясы ишти сапаттуу жана өз убагында бүткөрөт экен. Бишкектеги Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнүн эски имаратын тез арада капиталдык ремонттон өткөрүп бербейсизби? Бул Садыр Нургожоевичтин саясий чечими жана тапшырмасы!”- деп айтканын баарыбыз билебиз жана ошондо чын дилден биз дагы кубанганбыз.

Биздин жетекчи сунушка макул болуп, көп убакыт созбой мурдагы Урология бөлүмүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө даярдоону бизге буйрук берди. Курулуш материалдарын сатып алуу жана жумушчуларга айлык төлөө маселеси боюнча каражат берүүнү суранып министр Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичке кайрылганда ал мындай деген:

“COVID-19” пандемия жүрүп, эл кыйналып, шаштыбыз кетип жатат. Бул объектини капиталдык ремонттоодон өткөрүү азыр өтө маанилүү. Азырынча өзүңүздөр каражат таап, ишке тез кирише бериңиздер, каражат маселесин жаңы жылга жеткирбей 2020-жылдын 10-декабрына чейин Садыр Нургожоевич аркылуу чечип беремин,”- деп бекем сөз берген. Жетекчибиз да, биз да ишендик. Бул сөзгө Госстройдун мурдагы жетекчиси Көкөчаров Урматбек Курманбекович дагы күбө.

Биз ошол убакта пандемия каптап, күн сайын адамдар набыт болуп жаткан өлкөбүздөгү оор кырдаалды туура түшүнүп, 2020-жылдын 7-ноябрынан тартып өзүбүздө болгон каражаттарды жумшап, фирмалардан курулуш материалдарын карызга алып, Бишкек шаарындагы Логвиненко-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Улуттук госпиталдын мурдагы иштебей калган Урология бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттоо жумуштарына катуу кириштик...

Биз ремонт жасап жаткан учурда Урологияга Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын ошол убактагы орун басары Жылдыз Кемеловна Бакашова келип, жанында жүргөн министр Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичке кайрылып, “Өкмөттөн эмне жардам керек?” дегенде А.Бейшеналиев: “жок, эч кандай жардамдын кереги жок, мамлекет үчүн балам бүтүрүп жатат” деп калп айтты, угуп турган биз бул сөзгө таң калып, аны жетекчиге айттык.

Министр А.Бейшеналиевдин каратып туруп  калп айтканын жетекчибиз Д.Сайрамбаев бизден угуп, ошол күнү кечинде эле Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын ошол убактагы орун басары Жылдыз Кемеловна Бакашовага кетти.

Ж.Бакашова кабыл алып, биздин жетекчиге: “Курулушта сиздин да тиешеңиз барбы? Министр Урологиянын ремонт иштерин балам бүтүрүп жатат дебеди беле?” деп таң калыптыр.

Көрсө министр А.Бейшеналиев мамлекеттик кызмат этикасын бузуп, өлкө башчыларына жагынууну көздөп, Ж.Бакашовага жалган маалымат берип, биздин “КапиталБилдинг ЖЧК” курулуш компаниясы тууралуу эч сөз кылган эмес экен. Биз курулушта иштегендер  министрдин баласын өңүн да көргөн эмеспиз, анын курулуш ишине эч тиешеси болгон да эмес.

Министр А.Бейшеналиев андан кийин да: “Бул оорукана президенттин жеке көзөмөлүндө, кеткен чыгымдар силерге толук төлөнүп берилет” деп азыркы Президентибиз С.Н.Жапаровдун атынан бүгүнкү күнгө чейин сөз берип бизди алдап келди.

А.Бейшеналиевдин берген соңку интервьюсу боюнча, “достору 10 миң доллар, дагы бирөөсү 1 млн сом, эжеси 3 тонна май бергенин” айтыптыр.

Ооба, министр А.Бейшеналиев жогорудагы ремонт иштерине болгону 5 млн. сом каражат берген. Анын ичинен 10 тонна “сливочный май” азык-түлүк түрүндө берилген. Бул азык-түлүктү айлык акыларыбыз үчүн бөлүп алганбыз. Бирок, кийин бул 10 тонна сливочный майды берген тарап: “министр А.Бейшеналиев убактылуу сураган” деп “Капитал Билдинг ЛТД” ЖЧКсынан майдын суммасын кайра акчалай алып кетишкен.

Ошондой эле ал ММКларга берген маалыматында, “Бекболго баламдын, кызымдын тамдарын баалап ал, Бекболго 10-15 млн. сом бердим, балам менен кызыма, “40 миллион сом берип оозун жапкылачы” дедим”- деп айтканы таң калтырды.  Себеби, ал миллиондорду чөнтөгүнөн бере тургандай Урологиянын имараты анын жеке менчиги беле? Аткарылган иштер үчүн юридикалык жактар бири-бирине мыйзам чегинде финансы каражатын которуу жолу менен банк аркылуу жүргүзүлөт да...

Министр мынча миллондогон акча каражаттарды кайдан тапты? Ошондой эле министр Саламаттыкты сактоо тармагындагы обьектилерди өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып , үй-бүлөлүк клан түзүп алып, ал тармактагы курулуш иштерин өзүнүн баласына ыйгарып берип жатканын өзү ММК аркылуу жарыялап келгендигине да олуттуу көңүл бурулуусу зарыл жана бул кылмыш жосунуна жатабы же жатпайбы?..

Эл арасында болсо, “Урологияны ондогон ишканага берем” деп ар кайсы фонддордон, “Ковид-19дун” штабынан каражат алыптыр” деген сөздөр айтылууда. Муну териштирүү биздин эмес, ал тергөө органдарына тиешелүү маселе экен...

Ошентип министр А.Бейшеналиев убакытты созуп, биз жасаган ремонт иштерине акча бөлдүрүп берүүнү кечеңдетип туруп алды.

Кийин министр А.Бейшеналиев, “Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” комплексинин курулушун Урологиянын имаратына кеткен чыгымдар үчүн биздин ишканага алып берейин”,- дептир.

Биздин жеткчи Д.Сайрамбаев: “Урологиянын имаратын ремонт жасаганда кеткен чыгымдарды анда ошону менен жабайын, өндүрүштүк пайда көрбөсөм жок”- деп макулдашкан болчу.

Себеби, ал ошол учурдагы өлкөбүздөгү пандемиядагы социалдык-экономикалык оор кырдаалды туура түшүнуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишканабыздын өнүктүрүү пайдасынан да кечип, ошол учурда ушундай кадамга барган болчу. Биз жумушчулар да муну туура түшүнүү менен макул болгонбуз.

Биздин жетекчи менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде министр А.Бейшеналиев 2021-жылдын 4-майында Президентке кат (№01-1/1-5547) жолдоп, ишкананын мурдагы иштерин жогору баалап келип: “Деффектик актынын негизинде капиталдык ремонтоо жумушутарынын сметалык баасы 83 млн 912 сомду түздү. Бүгүнкү күнгө жумуштардын 70 пайызы аткарылып, 60 млн 680 миң сом “КапиталБилдинг ЛТД” компаниясынын эсебинен өздөштүрүлдү”,- деп жазган болчу.  Жакында А. Бейшеналиев  бул катындагы өзүнүн сөздөрүн да танып: “...причем тут я!”- деп Госстрой менен Улуттук госпиталдын  жетекчилерине шылтап жургалисттерге тескери маалымат таратып, “какой то  Бекбол появился, мен аны тааныбайм”- деп чыкты.

Бул катка өлкөбүздүн президенти С.Н.Жапаров да “макулмун” деп виза салгандыгы тууралуу кат тиркелет.

Чындыгында Министр Бейшеналиев, “мына Президенттин колу (макулмун), ишти тез баштагын, мен Президенттке сөз берип келдим” деп биздин жетекчи Д.Сайрамбаевге айткан.

Ошондо биздин жетекчи Д.Сайрамбаев мыйзамды сыйлап, Алымкадыр Савридиновичке, “Президент кол койсо, “нарушениеге бар” деп кол койгон жок. Президент ишенип, эми экөөбүздө эки эсе жоопкерчилик пайда болду. Мага мамлекеттик органдардан (долбоордун автору, Сеймология институтунун толук бүтүмү, Госстройдон көзөмөлдөөчү адистер, Саламаттыкты сактоо министрлигинен куратор) адистерди дайындап бермейинче баштоого болбойт, азыр баштаганыбыз менен Президентке сөз тийип калат. Объектини тапшырганда Мамлекеттик комиссия кол койбой коёт”- деген эле. Ошол күндөн баштап мамилелер бузулду. Андан кийин жогорудагы эрежелерди (проект, тендер, смета ж.б документтери барбы?) сактадыбы жокпу билбейбиз, “Алтын Балалыкты” баласы менен баштап кирди.. Ошентип, министр өз сөзүнөн тайып, шылтоо таап, биздин ишкананы кайрадан алдап кетти...

Тактап айтканда ал, “Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” комплексинин курулушун “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧКсына алып берейин, Урологияга кеткен чыгым ошону менен жабылсын”- деген сөзүн кайра унутуп, Теңирден тескери кетип, Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” комплексинин курулуш иштерин баласына берип салды да, эми анысына мактанып соцтармактар аркылуу комплексти баласы куруп жаткандыгын элге жар салууда. Ал тургай жарым-жартылай бүткөн иштерге президентти алып барып, лента кестирип, ачтырганга да үлгүрдү.

Жакында мамлекеттик деңгээлдеги расмий адамдар ушул маселе боюнча барып сурашса министр А.Бейшеналиев уялбай эле: “Мен “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧК деген курулуш компаниясын да, анын жетекчиси Досжан (Бекбол) Сайрамбаевди да тааныбайм, билбеймин!”- дептир.

Уялбаган министр А.Бейшеналиев, “Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” комплексинин курулушун “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧК курулуш компаниясына берүү жөнүндө Президентке жазган жогорудагы катын унутуп койсо да, Саламаттыкты сактоо министринин алдындагы Улуттук госпиталдын Башкы врачы Т.И.Маанаевдин өзүнө (министр А. Бейшеналиевге) төмөндөгүдөй мазмунда жазылган (01.11.2021. №01/1-17-1608.) катта, ( Вместе с тем, у нас имеется незавершенный корпус Нац. Госпиталя – Урологии на 350 койка мест, где ОсОО “КапиталБилдинг ЛТД” начал капитальный ремонт, но  из-за отсуствии финансирования работы были приостановлены. ... для завершения капитального ремонта бывшей Урологический корпус НГ при МЗ КР необходимо финансовые средства приблизительно на обшую сумму 85 млн сомов), деп тактап, ал каражатты республикалык “Ковид-19” штабынан бөлдүрүп берүүнү сураганын унутуп койбос (каттын көчүрмөсү турат).

Министр А. Бейшеналиев: “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧК курулуш компаниясын “тааныбайм, билбейм” дегени менен 2021-жылдын 1-ноябрында көз карандысыз курулуш боюнча эксперт Н.Нурманбетов менен бюджеттин эсебинен максатсыз Келишим түздүртүп, биздин жасаган иштерибизди текшерттирип, атайын туура эмес маалымат (85 млн. сомдук иштердин көлөмүн атайын кемитип) жаздырткан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги (Госстрой) көз карандысыз эксперт Н.Нурманбетовдун туура эмес эсептеп, корутунду чыгаргандыгынын бетин ачып, текшерүүнүн корутундусунда туура эмес нормативдик расчеттор колдонгондугун белгилеп, биздин расчеттор туура экендиги далилдеди (№125. 26. 12.2021.).

Цифраларды кемиткени менен жогорудагы көз карандысыз эксперттин (Н.Нурманбетов) корутундусунда да биздин ишкананын аткарган иштери белгиленип, Улуттук госпиталдын (Урология) биздин “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧКсына карыз экендиги жазылган.

Мындан тышкары министр А.Бейшеналиевди тандыра койбой турган деңгээлде капиталдык-ремонттоо иштерин баштан аягына чейин “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧК курулуш компаниясы гана аткарып жаткандыгын Госстройдун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү адистери жана жүздөгөн куруучулар билишет жана фото сүрөттөр бар.

Ошондой эле Улуттук госпиталдын тиешелүү адистери Урология бөлүмүнүн имаратын ремонттоо боюнча деффектный акт, тех.тапшырма түзүшкөн (Буйрук №208. 09.12.2021).

Тактап айтканда, биз иштеген “КапиталБилдинг ЛТД” курулуш компаниясы Урологиянын имаратын оңдоо иштери боюнча жалпы көлөмдөгү жумуштардын 78% тин же акчалай эсептегенде 67 млн. сомдук ишти бүткөргөн эле. Капиталдык ремонттоону толук бүтүрүүгө дагы 18 млн. сомдук каражат талап кылынып жаткан. Эгерде бул каражат чечилгенде объект тез арада эле ишке берилмек...

Учурда бул кризистик абал курчуп, жарылуу алдында турат. Материалдарын насыя берген фирмалардын карызына, курулуш иштеринде иштеген бизге айлык үчүн бере турган ишкананын мойнунда жалпы 66 млн. 763 миң 437 сом карыз бар.

Министрдин бир канча айдан бери айтып келген убадаларына ишенгенибизден, ал болсо айткан сөзүн аткарбай көз боёмочулук кылып акча которбогондугунун кесепетинен биздин “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧКсы курулуш компаниясы кыйынчылыкта калды. Себеби, жумушчулар-биз айлыктарды талап кылып алышыбыз керек, курулуш материалдарын убактылуу карызга берген ишкерлер азыркы кезде товарлардын кымбаттап кеткендигин айтышып: “Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына пикетке чыгабыз, акцияларды, митингдерди, пресс-конференцияларды уюштурабыз, Урологиянын имаратынын ремонтко кеткен курулуш материалдарын кайра сыйрып, койгон жабдууларыбызды алып кетебиз”- деп талап кылып, нааразылык акциясына даярданып ишканынын айласын кетирип, туңгуюкка кысып жатышкан учуру.

Анткени, министр А.Бейшеналиевдин айткан сөзүн аткарбай, өзүмчүлдүк кылгандыгынын айынан биздин жүздөгөн үй-бүлөлөр акча каражатсыз калды. Биз жетекчи Д.Сайрамбаевге арыз-муңдарыбызды айтып, каттарды жазып кайрылып жатабыз. Ал болсо “жакында акча болот” деп бизди токтотуп турат...

Биздин оюбузча, министр А.Бейшеналиевдин жогорудагы тескери иш-аракеттери “президентибиздин социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатыңызга каршы аракетпи (саботаж)”- деп ойлойбуз.

 

Урматтуу Курманкул Токторалиевич,

1. Сиздин жакында ММКларга берген маалымат жыйынында: “Региондук козутуулар боюнча жаралган жагдайлар тууралуу жазылган  арыздар сөзсүз каралат...” деп айтканыңызга терең ишенүү менен министр А.Бейшеналиевдин “КапиталБилдинг ЛТД” ишканасы  тууралуу журналист берген суроого: “...ал дагы аферист, ал дагы таластык!” деп биздин жетекчибиз Д.Сайрамбаевдин жеке аброюна шек келтиргени аз келгенсип, жалпы таластыктарды кордоп, регионго бөлүп, компанияда жумушчу болуп иштеген карапайым таластык жигиттердин да нааразычылыгын пайда кылды. Министрдин 7 областта жашаган жалпы кыргыздын ырыс-ынтымагына доо кетирип, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетиргендиги КР ЖКнынын 330-беренесине каршы келе тургандыгын эске алып, мыйзам чегинде жоопкерчилигин карооңузду;

2. Улуттук госпиталдын мурдагы Урология бөлүмүн ремонттоо ишин Өлкө Президенти С.Н.Жапаровдун атын пайдаланып, “... каражат маселесин жаңы жылга жеткирбей 2020-жылдын 10-декабрына чейин Садыр Нургожоевич аркылуу чечип беребиз. Бир ай ичинде бүткөргүлө” деп  “Капитал Билдинг ЛТД” курулуш ишканасынын каражатына 78% жасатып алып, ишкана сарптаган каражатты төлөп бербей, убакытты созуп алдап жүрүп, эми берген убадасын танып, ишкананы банкроттук абалга кептеп, анысы аз келгенсип, кайра биздин жетекчи Д.Сайрамбаевди “таластык аферист” деп ММК аркылуу жалпы элге жамантты кылганы жакшыбы? Анын бул аракеттери финансылык-моралдык жоопкерчилик боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин беренелерине каршы келип калбайбы? Жасаган иштери мүнөзү корруция (336-берене) эмеспи? Мындай аракеттери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганга, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу обьектилердин куруу иштерин баласына (337-берене) ыйгарганы бийлигин аша чаап колдонууга (338-берене) жатпайбы? Министрлик кызматта турса да ишкердик ишке катышканы, “ишти балам бүтүрүп жатат” деп баласын колдоп “Алтын-Балалыкты” бергенин өзү ММКларга жар салганы коомго жана мамлекетке зыян (341-берене), келтирбейби? Өлкө Президенти С.Н.Жапаровго: “КапиталБилдинг” ЖЧКга куруу үчүн “Алтын-Балалыкты” бериш керек”,- деп жазганы, бирок, кийин расмий документтин анык мазмунун бурмалаганы, баласына пайда табуу үчүн куруу иштерин (346-берене) бере салганы, “КапиталБилдингди” өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө жана баласына пайда алуу үчүн, курулуш ишканасына 67 млн. сомдук зыян келтиргендиги мыйзамга (245-берене) каршы келбейби?..

Сизден бул маселелер боюнча мыйзам чегинде чара көрүүңүздү өтүнөбүз.

 “КапиталБилдинг ЛТД” ЖЧКсынын эмгек жамааты

Булак: “Майдан. kg” гезити