Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1183

Бүгүн 8 жашынан бери боло турган окуялар тууралуу аян алган, жок жоготкондорду тапканга жардам берген, кекечтерди сүйлөтүп,  бир канча адамдарды оор дарттан айыктырган касиети күчтүү Нуриза апа менен баарлашып, айрым суроолорубузга жооп алдык.

“8 жашымдан бери аян алдым, жок жоготкондорго жардам бердим”

- Кудайдын кудурети менен 8 жашымдан баштап, аян алдым. Эртең менен туруп эле чоң апа бирөөлөр баланча кишинин ичин жарып, ичегисин алып жатыптыр десем эле раматылык чоң апам “эч кимге айтпа, оозуңдан чыгара көрбө” деп жалынчу. Анткени, мага түшкөн аяндан кийин ошол киши дүйнөдөн кайтчу. Айтор, бала болсом да айткандарым төп келип,  атымды алыска, даңкым далайга жетти. Ошондон уламбы Таласка мага жолугуш үчүн алыстан  келгендер көп болду. Тырмактайымдан эле атактуу болдум. Айтор, жок жоготкондорго, карайлап жол таппай тургандардын көбүнө Алладан түшкөнүн  айтып, абалдан чыгышына жардам  бердим. 

“Коронавирус болоордон мурун  кансыз согуш болот, каза болгондор целлофанга салынып көмүлөт деген аян алгам”

- Коронавирус болоордон мурун согуш болбойт бирок,  өлгөндөр көп болот. Алланын амири менен самолёт учпай калат, каза болгондор целлофанга түйүп көмүлөт деген аян алдым. Жакамды кармап, кудай өзүң сактай көр деп кооптонуп учурда ааламды каптаган пандемия башталып, дүйнө жүзүн санаркаткан жагдай жаралды. Ооруканалар толуп,  миллиондогон адамдар өлдү. 
Бир сапар Казакстанга  алып барышты. Бараар замат ал үй бүлөнү кырсык торуп турат деген аян келди. Күйөө балаңар кырсыктайт. Кан чыгаргыла дедим. Айтканымдай эле кырсыктан күйөө баласы аман калып, жолдогу мас орус каза болду.  
Айтмакчы Казакстанга барганда  силерден алысыраак жакта, ок атылып, эл көтөрүлүп, ызы-чуу болот деген белги түшүп жатат дедим. Андан көп өтпөй эле Казакстанда дүйнө жүзүн көңүлүн бурган, будуң-чаң түшкөн окуя болуп кетти. 

“Садыр  Жапаров депутат боло электе ушул жигит президент болот деп айткам”

- Мага эбак эле көлдөн президент болот деген аян келген. Бирок, ал ортодо Сооронбай Жээнбеков президент болду. Ошондо көптөр “көлдөн эмей эле Кара-Кулжадан президент болуп калды” дешти. Бирок, үч жылдан кийин күтүлбөгөн жерден  Садыр Жапаров президент болду. 

Негизи мен Садыр Жапаров депутат боло электе эле ушул жигит президент болот деп айткам. Көптөр президент эмес, депутат болсо сүйүнсүн деп, мыйыгынан күлүшкөн. Турмуш чындыгында тагдырдын оор сыноолорунан өтүп Садыр Жапаров президент болду.

“Садыр Жапаров чалма салган топтун чеңгээлинен чыгып кетсе, көп жыл президент болот”

- Эгер Садыр Жапаров баштагы позициясынан тайбай, эл үчүн иштеп, аны жолдон адаштыргандардын тилине кирбесе, 10 жыл былкылдабай президент болот. Эгер  чалма жайган топтун чалмасына чалынып, өз алдынча бийлик жүргүзө албай калса, анда мөөнөтү азаят. Эгер чалма салган топтун чеңгелинен силкинип чыгып кетсе, узак жыл президент болот.

“Президент арстандан айбаттуу, жолборстон жүрөктүү болсо, келечекте дүйнө жүзүн кыргыз башкарган мезгилге жетебиз” 

- Негизи Садыр Жапаров мекенчил, элим деген ак жүрөк жигит. Болгону учурда кадр тандоодон жаңылып, эл иренжиген адамдарды жооптуу кызматтарга коюп алды. Эрте күндү кеч кылбай, ойду-тоону айткандарына  ишене бербей тегерегин тазалап, жумшак болбой бекем болушу керек. Арстандан айбаттуу, жолборстон жүрөктүү болсо, келечекте дүйнө жүзүн Кыргызстан башкарган мезгилге жетебиз.  

Бирок президент ылдый жактагы маселелер менен алек болбой жогору чыгып, ылдый карашы керек. Камагандан өйдө болуп, позициясына карабай ынтымакка чакырышы керек. Элде ынтымак болсо, ырыс, дөөлөт өзү келет.  Болбосо бири камап, экинчиси актанып отура берет. 

“Чек арадан коркунуч келип жатат”

- Баса, жайбаракат жашоого кирип кетип, чек арадагы маселелерди унутуп калбашыбыз керек. Чек араны бекемдебесек Кыргызстанга чек ардан коркунуч туулуп жатат. Ичи жаман адамдар чек арадан  чуу жаратышы мүмкүн. Ошон үчүн чек ара маселесин чечип, чычкан өтө алгыс кылып, бекемдешибиз керек.

“Шайлоо учурунда  партиясын өргө сүйрөгүсү келгендер кайрылат”  

- Кыргызстандагы белгилүү, тилинен чаң чыккан  саясатчынын жанындагылар жеңишке жетебизби деп келиптир. Менден эмес Алладан деп Манас ордодон партиянын башчысына кичинекей баладан бир тесме берип жибердим. Эгер тесмени партия лидери колуна алса, 5-6 депутат менен парламентке барат. Адатынча кежирленип койсо, анда илешпей калат дедим. Бирок, партия лидери жаш бала берген тесмени алды. Жыйынтыгында ченелүү киши менен парламентке депутат болуп келди. 

“Чиновниктер  капчыгын кампайтуу менен алек болсо Манас атабыздын руху ала салдырып,  азаптан башын чыгарбай коёт”

- Баса, мага түшкөн аяндарга караганда Манас атабыздын руху ойгонуп, доор алмашып жатат. Ошон үчүн ниетти оңдоп, багытты түздөп, напсини тыйып, барына шүгүр кылышыбыз керек. Кара курсакты, жеке кызыкчылыкты эмес, элди ойлой турган мезгил келди. Баарын коркуткандай болбойун, бирок эскертүү иретинде айтып коёюн. Жооптуу кызматты аркалап жаткан чиновниктер жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп, капчыгын кампайтуу менен алек болуп жатса, ченебей азап тартышат. Манас атабыздын руху ала салдырып, азаптан башын чыгартпай коёт. Ошон үчүн чиновниктер   чын дили менен мамлекет үчүн иштеши керек.

P/S Нуриза апага кайрылууну каалагандар болсо, 0559743774 номерине байланышса болот.