Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселени Кыргыз бийлиги кантип чечүүгө аракеттенип жатканын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтып берди.
Ал белгилегендей, маал маалы менен чек арада коркунучтуу кырдаал жаралууда.
“Чек ара маселени 30 жылдан бери чечилбей келди. Мурдагы жетекчилер буга аракет да кылышкан эмес. Бирок өткөн жылдан бери президенттин тапшырмасы менен чек ара маселесине чекит коюу үчүн олуттуу чараларды көрүүдөбүз. Биз мыйзам чегинде гана, учурда ээлеп турган аймактарды эске алуу менен аракет кылууга ниеттенип жатабыз. Бизге тийиштүү эмес аймакты талашпайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргызстан техника жана курал-жарактарды аскер жана укук коргоо жаатынын курамын чыңдоо максатында сатылып алынууда.
“Чек ара кызматы үчүн Россиядан 55 брондолгон автоунааны жана 50 камазды өлкөнүн бюджетинин эсебинен сатып алдык. Техника сатып алуу үчүн эч кимден жардам сураган жокпуз. Биз Кыргызстандын коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук кандуу камсыздайбыз. Мунун баары Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен болууда. УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын күжүрмөн нөөмөтү үчүн “Байрактар ТВ2” учкучсыз учактарын да алдык. Мындан ары өлкөбүздүн асманын жана чек арасын учкучсуз учактар кошумча кайтарышат”, - деди Камчыбек Ташиев.