Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Украинадагы согушта курман болгон кыргыз жоокер Эгемберди Дорбоев бүгүн, 25-мартта жерге берилет. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Маркумдун сөөгү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына кечээ, 24-мартта жеткирилген.

Айта кетсек, Орусиянын жарандыгын алган кыргыз Эгемберди Дорбоев 8-мартта Украинадагы согушта курман болгону тууралуу маалымат 18-мартта угузулган.

2002-жылы туулган Дорбоевдин ата-энеси Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандан көчүп кетишкен.

Булак: Маралфм