Эл аралык "Бир алкак - бир жол" уюмунун Орто Азия боюнча башкармалыгынын жетекчилери Жания Тапалова, Серик Кененбай баш болгон топ Бишкекке келишип, Кыргыз элинин белгилүү коомдук ишмери Роза Айтматовага "Улы дала анасы" (Улуу талаа энеси) абройлуу ордени тапшырылды.
Коомдук ишмерлер Роза Айтматова менен Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков Казакстандык белгилүү ишкер Долкунтай Абдухалилге эл аралык "Чыңгыз Айтматов" орденин тагышты.
Сыйлык тапшыруу аземинен кийин эл аралык жыйындын катышуучуларына "Манастын уулу Семетей" тасмасы жабык көрсөтүүсү уюштурулду.
Роза Төрөкуловна тасмага жогору баа берип, эл артисти Кайыргүл Сартбаева Кыргыздын элге, айрыкча жаштарга терең таасир берүүчү, маанилүү чыгармасы жаралганына кубанганын билдирди.
Тапалова менен Кененбай жарандык патриоттуулукка, бийик адамгерчиликке чакырган бул Кыргыз тасмасы дүйнө элинин сүйүктүү киносуна айланаарына ишенишип, бул тасманы көп өлкөлөр менен тыгыз кызматташуучу эл аралык "Бир аймак - бир жол" уюму аркылуу аалам алкагына чыгарууга кызуу көмөктөшөөрлүктөрүн билдиришти.